Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЛИМБ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:21, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

(Limb) – айлананы барабар бөлүктөргө бөлүнүүчү универсалдуу аспаптын каптал жагына штрихтер түшүрүлгөн жалпак тегерек шакек. Бурч өлчөөчү аспаптарда бурчту эсептөө үчүн колдонулат. Штрихтерге градустар жазылып, 2, 3, 6 же 12 бөлүккө бөлүнөт. Л-дин бөлүнгөн бөлүктөрүн эсептөөдө верньер же нониус пайдаланылат. Айлананын бөлүктөрү өтө майда болгондуктан бардык эсептөөлөр чоңойтуп көрсөткүч айнек, кээде микроскоп аркылуу аткарылат. Эгерде Л-дин борбору айлануу огунун борбору м-н дал келбесе, анда бир верньер б-ча жүргүзүлгөн эсептөөдөн ката кетет. Эсептөөдөгү бул ката эксцентриситет катасы деп аталат. Ошондуктан бардык универсалдуу бурч өлчөөчү аспаптардын ар бир Л-асынын экиден верньери болот. Күн, Ай, планеталардын ж-а айрым жандоочулардын гана дискаларына телескоп аркылуу байкоо жүргүзүүдө көрүнгөн чети да Л. деп аталат. Күндүн бетиндеги жарк этүүлөр, протуберанецтер Л-ден жакшы көрүнөт. 

<img src='ЛИМБ. gif'/>


astronet.ru www. astronet.ru