Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫК ПАРАЛЛАКС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– Жердин орбита б-ча жылдык кыймылы пайдаланылып ченелген бурчтук жылышуунун чоңдугу. Жылдыздын Ж. п-сы байкоочу күн системасынын борборунан жер орбитасына жылдыздын багытына перпендикуляр которулганда жылдыздын багытынын өзгөрүү бурчу (p) же байкоочу жылдыздан туруп караганда жер орбитасынын көрүү шооласына перпендикуляр жайгашкан чоң жарым огу көрүнгөн бурч. Астрон-да жылдыздар м-н Галактикалардын аралыктарын ченөө үчүн кабыл алынган негизги бирдик парсек м-н Ж. п. тыгыз байланышкан. Айрым жакынкы жылдыздардын параллакстары таблицада көрсөтүлгөн.

аблица 3. ЖЫЛДЫЗ
АРАЛЛАКС
РАЛЫК, ПК
ЕНТАВРДЫН ПРОКСИМАСЫ 0,762 1,31 ЦЕНТАВРДЫН AСЫ 0,751 1,33 СИРИУС

0,375 

2,66 ПРОЦИОН
,288
,48
ЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ – жылдыздуу асман б-ча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жылдын (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнүшү. Ж . м-нин алмашуусу Жердин айлануу огу Жер орбитасынын тегиздигине 66°33' бурч м-н жантайышынан келип чыгат. Жер Күндү айланганда анын айлануу огу өзүнө параллель жылгандыктан Жер жыл бою бирде түн., бирде түш. жагы м-н Күнгө карата жантаюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин Түн., бирде Түш. жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, түн. жарым шарда жай болгондо, түш. жарым шарда кыш ж-а тескерисинче болот. Астрон-да ар бир жыл мезгилинин башталышы Күндүн асман сферасындагы көзгө көрүнгөн кыймылына жараша аныкталат. Күндүн борбору эклиптика б-ча кыймылдап, асмандын түш. жарым шарынан түн-үнө (20- же 21-мартта) өтөрдө асман экваторун жазгы күн-түн теңелүү чекитинде кесип өтүү учуру түн. жарым шарда жаздын башталышы деп эсептелет. Бул мезгилде Жердин бардык орундарында (уюлдук райондордон башка) күн-түн теңелет. Жайдын башталышында түн. жарым шарда (21- же 22-июнда) Күн эклиптиканын түн. чекити (жайкы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердии түн. жарым шарында күн, түш-дө түн абдан узарат. Күздүн башталышы – түн. жарым шарда (23-сент.) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн теңелүү чекити), Түн. жарым шардан түш-кө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет. Түн. жарым шарда 21- же 22-дек. Күн эклиптиканын түш. чекити (кышкы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө кыш башталат да, Жердин түн. жарым шарында күн, түш-дө түн абдан кыскарат. Жердин орбитасы эллипс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айланбагандыктан жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүүчө болот. Янв. башталышында Жер перигелий аркылуу өтүп Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру Жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, түн. жарым шарда кыш кыскарып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түн. жарым шарда жаздын узактыгы 92,8 сутка, жай 93,6 сутка, күз – 89,8 сутка, кыш 89,0 сутка болуп, бардыгы 365, 2422 сутканы (тропиктик жыл) түзөт.

Жер орбитасынын эллипс түрүндө болгондугунан аба ырайынын сезондуу өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, шамалдар көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан күнүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрон. эмес, жаратылыш белгилери (орточо суткалык темп-ра) б-ча аныкталат. Астронометриялык жыл мезгилине карата календарлык сезондор 21–22 суткага жылдырылып эсептелет: жаз (март-май), жай (июнь-авг.), күз (сент.-нояб.), кыш (дек.-фев.).