Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАР ЧОГУЛМАЛАРЫНЫН КЫЙМЫЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

13:19, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– жылдыздар чогулмалары Галактика борборунун айланасында кыймылдайт. Чачыранды жылдыздар чогулмаларынын Күнгө салыштырмалуу кыймыл ылдамдыгы анча чоң эмес (орточо 20 км/сек), шар сымал жылдыздар чогулмаларыныкы алда канча чоң (орточо 170 км/сек). Жылдыздар чогулмаларынын ядросундагы жылдыздардын жакындашы алардын кыймыл энергиясынын алмашуусуна алып келет. Ушунун негизинде жылдыздар чогулмаларынын кээ бир мүчөлөрү ашык энергияны алат ж-а таажы аймагына өтөт же чогулмадан такыр чыгып кетет. Ядро бул учурда кысылат. Ядронун диссипация процесси мүчөлөрү аз чогулмаларында, б. а. чачыранды чогулмаларда өзгөчө тең өтөт. Ошондуктан биздин Галактикадагы эски чогулмалардын эң массивдүүлөрү, б.а. шар түрүндөгү чогулма гана сакталып калган. Мүчөлөрүнүн өздүк кыймылдарында перспектива кубулушу байкалуучу, Күндө эң жакын турган чогулма (мис., Гиаддар) кыймылдоочу чогулмалар деп аталат (перспектива – өздүк кыймылдардын багыттарын асман сферасында улантканда өз ара кесилишет дегенди билдирет). Кыймылдоочу жылдыз чогулмасы аралыктарын аныктоодо өзгөчө мааниге ээ, себеби аларга чейинки аралыкты жөнөкөй геом. ыкма м-н табууга болот. 


adeva.ru www. adeva.ru