Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗДАРДЫ БАЙКОО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– жылдыздарды изилдөөнүн негизги жолу, куралсыз көз м-н же оптикалык аспаптар (телескоп, астрограф, дүрбү) м-н жүргүзүлөт. Байкоонун максаты ар түрдүү: жылдыздардын абалын так билүү, аларга чейинки аралыкты ж-а өздүк кыймылдарын аныктоо, көрүнгөн жылдыз жаркыроосун ченөө м-н жылдыздарга, жылдыз чогулмаларына, галактикаларга чейинки аралыктарды чамалоо, өзгөрмөлүү жылдыздарда болуп жаткан процесстерди үйрөнүүгө зарыл материалдарды алуу, о. эле жылдыз спектрлерин изилдөө м-н жылдыздардын темп-раларын, нурдук ылдамдыктарын ченөө, физ. касиеттерин үйрөнүү. Ж. б. астрон. обсерваторияларда жүргүзүлөт. Байыркы абсерваториялар Ассирияда, Вавилондо, Кытайда, Египетте, Персияда, Индияда, Мексикада, Перуда ж. б. кээ бир мамлекеттерде бир нече миң жыл мурун курулган. Өз мезгили үчүн абдан сонун обсерваторияны 15-к-да Самарканда Улугбек курган. Андагы башкы курал – жылдыздар ж-а башка асман телолорунун бурчтук аралыктарын ченей турган чоң квадрант болгон. Анын жардамы м-н Улугбек 1018 жылдыздын координаталарын камтыган каталогду түзгөн. 
Азыркы мезгилде КМШда 30дан ашык обсерваториялар ж-а ин-тар иштейт. Алардын ичинде Пулково, СССР ИАнын Атайын, Крым, УССР ИАнын Башкы, Армян ИАнын Бюракан, Грузин ИАнын Абастумани, Азербайжан ИАнын Шемаха обсерваториялары, ММУнун Штернберг атындагы Астрономия ин-ту ж. б. бар. Чет өлкөлөрдөгү эң чоң обсерваториялар: Гринвич (Англия), Гарвард ж-а Маунт-Паломор (АКШ), Пик-дю-Миди (Франция), Подстам (ГДР), Ондржей (ЧССР), Краков (ПЭР) ж. б. 


www. donbass.ua