Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛДЫЗ АСТРОНОМИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– астрон-нын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн ж-а өнүгүшүн, кош, үчилтик ж. б. эселик жылдыздарды, жылдыз чогулмаларын, о. эле газ, чаң ж-а газ-чаң булуттарын пайда кыла турган диффузиялык затты изилдейт. Астрон-нын башка тармактарында алынган билимдерди пайдаланып, статистикалык материалдын негизинде Галактикадагы астрон. объектилердин касиеттеринин, мүнөздөмөлөрүнүн өз ара байланыштарын, алардын жайгашуу ж-а кыймыл закондорун, өнүгүү белгилерин үйрөтөт. Ж. а., жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы ж-а жылдыз динамикасына бөлүнөт. Б.з.ч. 2-к-да Гиппарх жылдыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз координаталарын көрсөткөн. 14-к-да Улугбек Гиппархтын каталогун тактап, жаңы каталог түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы ж-а жылдыз картасы чоң мааниге ээ. Эки жарым шардын жылдыз атласы А. А. Михайлов тарабынан түзүлгөн. Жылдыздардын физ. касиеттери фотография, спектр анализдеринин жардамы м-н изилденет. Галактикадагы ар кандай объектилердин жайгашышын үйрөнүү м-н анын структурасы спираль формасында, борбордук бөлүгүндө бир нече жарык чыгаруучу булактары бар ядро бар экендиги аныкталган. Жылдыздардын ж-а жылдыз аралык чөйрөнүн эволюциясын байкоо Галактиканын жашы 10 – 15 млрд. жыл экендигин билүүгө мүмкүндүк берди.