Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЫЛАН"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
(Serpens) – асман экваторуна жакын турган, байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири; Жыланчы топ жылдызы аркылуу бөлүнгөн 2 бөлүктөн турат (батыш тарапта баш жагы, чыгыш тарапта куйругу жайгашкан). Ж. топ жылдызынын башын көрсөткөн d жылдызынын экөөнүн тең түсү сары, көрүнгөн жылдыз чоңдугу 4,2 m ж-а 5,2 mге барабар физ. кош жылдыз. Куйрук тарабындагы q жылдызы да түстөрү сары ж-а жашыл, көрүнгөн жылдыз чоңдугу 4,5m ж-а 5,0mге барабар физ. кош жылдыз. Ж. топ жылдызынын 60000 жылдызды өзүнө бириктирген М5 шар сымал жылдыз чогулмалары бар. Ж. м-н Жаачы топ жылдызынын ортосунан М17 ачык диффузиялык тумандуулук орун алган. КМШнын орто кеңдигинен жазында ж-а жайында көрүнөт.