Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ЖЕР КЫРТЫШЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:15, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– «катуу» Жердин эң үстүңкү катмары. Анын түзүлүшү өтө татаал ж-а бир тектүү эмес. Жер кыртышынын бир нече тибинин ичинен эң кеңири тараганы – материктик ж-а океандык кыртыш. Биринчисинин түзүлүшү 3 катмарга ажыратылат: үстүңкү (чөкмө 0 – 20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» делет, 10 – 40 км) ж-а төмөнкү (“базальт 10 – 70 км). Океан астындагы чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз метрге гана жетет; «гранит» кабаты жок болот, анын ордунда калыңдыгы 1– 2,5 км келген катмар (чыккан теги белгисиз бул катмар «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан астында 5 кмге жетет. Ж. к-да дайыма тектоникалык кыймыл болуп турат. Түзүлүшү б-ча ал кыймылдуу-геосинклиналь ж-а кыймылсыз – платформа аймактарына бөлүнөт.



skystars.pp.ru www. skystars.pp.ru