Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ГЕОМАГНЕТИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:10, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

, ж е р м а г н е-т и з м и – геофиз-нын Жердин магнит талаасынын мейкиндикте таралышын ж-а мезгилге карай өзгөрүшүн изилдөөчү тармагы. О. эле Жердеги ж-а анын магнит сферасындагы геофиз. процесстерди изилдейт. Жердин магнит талаасы мейкиндиктин ар бир чекитинде багыты ж-а чоңдугу х, у, z үч түзүүчүсү болгон Т чыңалыш вектору же Жер магнетизминин үч элементи горизонталь түзүүчүсү Н, магниттик эңкейиши Д, (горизонталь түзүүчү м-н геогр. меридиандын арасындагы бурч) ж-а магниттик кыйшаюу J (вектор м-н горизонталь тегиздиктин арасындагы бурч) аркылуу мүнөздөлөт.