Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН ЖАЛПАК СИСТЕМАСЫНЫН БӨЛҮГҮ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:09, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Галактиканы түзүүчүлөрдүн бири. Мейкиндикте көпчүлүк галактикалык объектилер жалпак дисканын чегинде жайгашкан. Ага О ж-а В классындагы алгачкы жылдыздар, цефеиддер ( Бийкеч топ жылдызындагы W тибиндеги жылдыздардан, жогорку жаңы жылдыздар, чачыранды жылдыз чогулмалары, жылдыз бирикмелери ж-а күңүрт тумандуулуктар кирет. Булар Г. ж. с. б-н түзөт. Бул бөлүктөрдө сейректелген газдар, анча көп эмес катуу бөлүкчөлөр, чаңдар кездешет. Айрым бөлүктөрдө мындай бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгы жогору болуп, ысык жылдыздардын тегерегинде жарык чыгарат ( жарык тумандуулуктар), ал эми алыс жерлеринде күңүрт чаңдуу булуттарды пайда кылат.