Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:ВЕРОНИКА ТҮКТӨРҮ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:09, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– Егип. падышасы Верониканын ысымынан аталган, Түн. жарым шардагы топ жылдыз. Ал начар жылдыздардын чачыранды топтошууларынан турат; негизги жарык жылдыздары тизилип учуп бара жаткан турналардын тобун элестетет. Бул топ жылдыз гректерге белгилүү болгон м-н аны алар Арстан топ жылдызына таандык кылып келишкен. 1551-ж. голл. картограф Герард Меркатор айрым топ жылдызды бөлүп алган. Бийкечтеги галактиканын топтошкон бөлүгү В. т-нө таандык. В. т-ндөгү кыйла белгилүү галактика – бул М64 (NGC 4826) галактикасы. Аны Каракөз деп аташат. М64 Бийкечтеги топтошууларга караганда бизге жакын ж-а ага таандык эмес. В. т. жылдызынын тушма-туш NGC 4565 спиралдык галактикасынын кырынан жайгашканы өтө кубаттуу телескоптун “түгүнүн” арасынан М35 шар сымал жылдыз топтошуу байкалып, көрүнгөн жылдыз чоңдугу 8,7m. КМШнын аймагынан кыш, жаз ж-а жай айларында көрүнөт.