Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:БЕТЕЛЬГЕЙЗЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
MMEE_>KadyrM
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы

– Орион топ жылдызынын a жылдызы; нөл жылдыз чоңдугунда. М2 спектрдик класска кирүүчү кызыл өтө гигант. Диаметри Күндүкүнөн 800 эсе чоң, жарыктыгы 70 миң эсе көп. Жылдыздарга чейинки аралыгы 650 ж.ж-ын түзөт. Нурунун тароо ылдамдыгы +21 км/сек. Б. жартылай туура өзгөрмө жылдыздардын тибине кирет, анын жарк этиши 0дөн 1,3кө чейинки чоңдукта өтө жай өзгөрөт (болжол м-н 6,5 жылда). Түпкүрүндө суутек жок ж-а өтө оор элементтер пайда болуп турат. Б-нин бетинен заттар үзгүлтүксүз чыгып тургандыктан, жылдыздын өлчөмүнөн бир нече жүз эсе чоң болгон газ-чаңдуу катмар пайда болгон. Интерферометрдик ченөөлөр б-ча 1,9 млрд. км, б. а. Юпитердин орбитасынан чоң диаметрди берет.


БЕТЕЛЬГЕЙЗЕ.jpg