Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРАДАН ТЫШКАРЫ АСТРОНОМИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:07, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– астрон-нын бир бөлүмү. Ал Жер атм-расынан чыккан космос станциясына, Жердин жасалма жандоочусуна, ракеталарга орнотулган аппаратуралардын жардамы м-н космос объектилерин изилдейт. А. т. а. электр-магнит толкунунун бардык диапазонундагы (а. и. рентген ж-а гамма-диапазондордо) астрон. изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк түздү. Башка планеталарга учурулган зонддордун жардамы аркылуу ал планеталардын бетинин түзүлүшү, атм-расы ж-а алардын физ. шарттары ж-дө маалымат алынат. Ай автоматтык аппараттар, Айда өзү жүрүүчү аппараттар м-н гана эмес, Айдын бетинде болгон космонавттар аркылуу да изилденүүдө.