Difference between revisions of "Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН ГЛОБУСУ"
Jump to navigation
Jump to search
MMEE_>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:59, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -га соңку версиясы
– бетине ай координатасынын торчолору, экватору, меридиандары ж-а Айдагы кратерлер, деңиздер, тоочолор, ойдуңдар ж. б. тартылган шар. Глобустун огу Айдын айлануу огу м-н дал келип, жогору жагы түн., төмөн жагы түш. уюлу делет. Анын селенографиялык кеңдиги ай экваторунан эсептелип, мааниси түн. уюлду көздөй оң, түш. уюлду көздөй терс болот да, b тамгасы м-н белгиленет. Экинчи координаты – селенографиялык узундук, эсептөөнүн башталышы Местинг А кратерине жакын жерден башталат да, l тамгасы м-н белгиленет. Мис., Тынчтык деңизинин координаталары b =0,7°; l=23,5°.