Difference between revisions of "БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ ‒''' Жалал-Абат облусундагы администрациялык бирдик. 1934-ж. чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937‒78-жылдардын аралыгында Масы жана Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Cузак райондору, түштүк-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 2,0 миӊ ''км''2. Калкы 193 168 (2022). Райондо 9 айыл аймагы, 55 кыштак бар. Борбору ‒ Базар-Коргон шаары.
Райондун аймагы негизинен ''Кара-Үӊкүр өрөөнүн'' жана аны курчап турган ''Бабаш-Ата кырка тоосунун'' түштүк-чыгыш, Кеӊ-Кол, Фергана тоолорунун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр, Каба, Ачы жапайы жаӊгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деӊиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы ‒3...‒10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10‒20°C. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөӊ бөлүгүндө 300‒400 ''мм'', тоолуу бөлүгүндө 1100 ''мм''ге чейин. Райондун аймагынан
'''БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ ‒''' Жалал-Абад облусундагы администрациялык бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937‒78-жылдардын аралыгында Масы жана Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Cузак райондору, түштүк-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 2,0 миӊ ''км''2. Калкы 193 168 (2022). Райондо 9 айыл аймагы, 55 кыштак бар. Борбору ‒ Базар-Коргон шаары.
Райондун аймагы негизинен ''Кара-Үӊкүр өрөөнүн'' жана аны курчап турган ''Бабаш-Ата кырка тоосунун'' түштүк-чыгыш, Кеӊ-Кол, Фергана тоолорунун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр, Каба, Ачы жапайы жаӊгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деӊиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы ‒3...‒10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10‒20°C. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөӊ бөлүгүндө 300‒400 ''мм'', тоолуу бөлүгүндө 1100 ''мм''ге чейин. Райондун аймагынан
[[File:БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ113.png | thumb|none]]

Кара-Үӊкүр суусу агат; ал Фергана жана Бабаш-Ата тоолорунан башталып, Кызыл-Үӊкүр, Жазы-Кечүү жана Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрүнөн Кеӊ-Кол, Кутман-Көл, Кара-Кол сыяктуу ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөӊ жана күрөӊ-тоо топурактуу. Базар-Коргон районунун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаӊгак-жемиш токоюнун эӊ жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр) жайгашкан. Ал массивдер ‒ дүйнөдөгү эӊ кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаӊгак-жемиш токою түзөт. Жаӊгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, ит мурун, аса-муса, кара март, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cуу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаӊгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чечек, кайыӊ, шилби, табылгы кездешет.
Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканын жалпы жыштыгынан жогору, 1 ''км''2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы жана тамекичилик. Район боюнча чарбалык субъект иштеп, анын ичинде үй бүлөлүк,  фермердик, дыйкан жана 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миӊ ''га'', анын 13,8 миӊ ''га''сы сугат жер, 5543 ''га''сы чабынды, 78,3 миӊ ''га''сы жайыт, 791 ''га''сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлерине буудай, пахта, тамеки, картөшкө, мөмө-жемиш, жашылча, мал чарбасы үчүн тоют айдалат. Ошондой эле май алынчу өсүмдүктөр  өстүрүлөт. Шалы да эгилет. Райондо кой-эчки, бодо мал, жылкы асыралат. Үй кушу багылат.
Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Ак-Тилек-А», «Алтын-Кемер» ишканалары, «Кыргыз ‒ Түрк Этем Озсой» заводу, жаӊгак жыгачынан үй буюмдарына керектүү материалдарды жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Кара-Үӊкүр» акционердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуаз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон шаарында жеке менчик 8 базар бар.
Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү ‒ автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы узундугу 194 ''км'', анын асфальтталганы 147 ''км''. Базар-Коргон шаары ‒ жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек ‒ Жалал-Абад ‒ Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон ‒ Арстанбап, Базар-Коргон ‒ Кызыл-Үӊкүр ж. б. автомобиль жолдору бар.
Райондо  2 кесиптик лицей (Базар-Коргон шаарында, Кажыр-Абат кыштагында), 56 жалпы билим берүүчү мектеп,  13 бала бакча, райондук спорт жана музыкалык мектептер, гимназия жатак мектеби, 4 гимназия багытындагы  мектеп, балдар жана өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору иштейт. Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр аймактарында окуучулар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миӊ нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар ‒ Арстанбап-Ата, Ак-Тайлак-Ата, Көлкупан-Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таӊы» гезити чыгат.

''Ө. Бараталиев.''
''Ө. Бараталиев.''
[[Категория:1-Том]]

11:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ ‒ Жалал-Абад облусундагы администрациялык бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937‒78-жылдардын аралыгында Масы жана Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан жана түштүгүнөн Cузак райондору, түштүк-батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 2,0 миӊ км2. Калкы 193 168 (2022). Райондо 9 айыл аймагы, 55 кыштак бар. Борбору ‒ Базар-Коргон шаары.
Райондун аймагы негизинен Кара-Үӊкүр өрөөнүн жана аны курчап турган Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш, Кеӊ-Кол, Фергана тоолорунун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр, Каба, Ачы жапайы жаӊгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деӊиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы ‒3...‒10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10‒20°C. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөӊ бөлүгүндө 300‒400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 ммге чейин. Райондун аймагынан

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ113.png

Кара-Үӊкүр суусу агат; ал Фергана жана Бабаш-Ата тоолорунан башталып, Кызыл-Үӊкүр, Жазы-Кечүү жана Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрүнөн Кеӊ-Кол, Кутман-Көл, Кара-Кол сыяктуу ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөӊ жана күрөӊ-тоо топурактуу. Базар-Коргон районунун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаӊгак-жемиш токоюнун эӊ жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр) жайгашкан. Ал массивдер ‒ дүйнөдөгү эӊ кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаӊгак-жемиш токою түзөт. Жаӊгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, ит мурун, аса-муса, кара март, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cуу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаӊгак токоюнун жогорку чегинде карагай, ак чечек, кайыӊ, шилби, табылгы кездешет.
Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы жана тамекичилик. Район боюнча чарбалык субъект иштеп, анын ичинде үй бүлөлүк, фермердик, дыйкан жана 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миӊ га, анын 13,8 миӊ гасы сугат жер, 5543 гасы чабынды, 78,3 миӊ гасы жайыт, 791 гасы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлерине буудай, пахта, тамеки, картөшкө, мөмө-жемиш, жашылча, мал чарбасы үчүн тоют айдалат. Ошондой эле май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Шалы да эгилет. Райондо кой-эчки, бодо мал, жылкы асыралат. Үй кушу багылат.
Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Ак-Тилек-А», «Алтын-Кемер» ишканалары, «Кыргыз ‒ Түрк Этем Озсой» заводу, жаӊгак жыгачынан үй буюмдарына керектүү материалдарды жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Кара-Үӊкүр» акционердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуаз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон шаарында жеке менчик 8 базар бар.
Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү ‒ автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы узундугу 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базар-Коргон шаары ‒ жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек ‒ Жалал-Абад ‒ Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон ‒ Арстанбап, Базар-Коргон ‒ Кызыл-Үӊкүр ж. б. автомобиль жолдору бар.

Ө. Бараталиев.