Difference between revisions of "АТ МАЙДАН"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ МАЙДАН,''' и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ''ат спорту'' боюнча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. | '''АТ МАЙДАН,''' и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ''ат спорту'' боюнча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. Ат майдан байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. Ат майданда көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы жана ат чабуу үчүн айланма жолдор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту боюнча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн Ат майдан жолунун узундугу 2000‒2400‒3000 ''м'', туурасы 20‒30 ''м'', таскактуу аттар үчүн узундугу 1600, туурасы 20‒25 ''м'' болот. Бишкектеги мамлекеттик Ат майдан (Термечиков көчөсү, 1) 1947-жылы курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (узундугу 1600 ''м'', туурасы 18 ''м''), күлүктөр жолу (узундугу 2000 ''м'', туурасы 20 ''м'') жана майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. Ат майданда 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; ветеринардык изолятор, ветеринардык дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар.Ат майдан долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.

[[Категория:1-Том]] |
10:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТ МАЙДАН, и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ат спорту боюнча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. Ат майдан байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. Ат майданда көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы жана ат чабуу үчүн айланма жолдор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту боюнча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн Ат майдан жолунун узундугу 2000‒2400‒3000 м, туурасы 20‒30 м, таскактуу аттар үчүн узундугу 1600, туурасы 20‒25 м болот. Бишкектеги мамлекеттик Ат майдан (Термечиков көчөсү, 1) 1947-жылы курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (узундугу 1600 м, туурасы 18 м), күлүктөр жолу (узундугу 2000 м, туурасы 20 м) жана майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. Ат майданда 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; ветеринардык изолятор, ветеринардык дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар.Ат майдан долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.