Difference between revisions of "АЛЛЕЛЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Ад''.: ''Дубинин Н.П.'' Общая генетика. , М., 1976; ''Полянский Ю.И''. Общая биология. М., 1991; ''Каменский А. А., Ким А. И''. Биология . М., 2003.<br>
''Ад''.: ''Дубинин Н.П.'' Общая генетика. , М., 1976; ''Полянский Ю.И''. Общая биология. М., 1991; ''Каменский А. А., Ким А. И''. Биология . М., 2003.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛЕЛЛЬ (гр. allelon ‒ өз ара ) ‒ гомологиялык, башкача айтканда жуп хромосома бирдей бөлүктөрүндө жайгашып, бир эле белгинин өөрчүшүн аныктоочу тукум куума бирдик ‒ ген. Илимге аллель термини киргиче, бул гендер аллеломорфтор деп аталган. Ар бир ген өзүнүн белгисин билдире турган экиден кем эмес аллелдик абалда болот. Анын бир абалы адатта тукум кууй турган белгинин өөрчүшүн камсыз кылып, басымдуулук (доминанттуу) касиетке ээ. Ал эми экинчи абалында тукум куума белгилер көмүскө түрдө сакталып, рецессивдүү болот. Мисалы, адамда доминанттуу аллель көзгө кара түс, ал эми рецессивдүү аллель көзгө көк түс берет. Өсүмдүктө доминанттуу аллель гүлдөргө ар кандай түс берет, рецессивдүүсү түссүз гүлдүн өөрчүшүн камсыз кылат. Доминанттуусу баш тамга (А), рецессивдүүсү кичине тамга (а) менен белгиленет. Бир аллелдик жупка кирүүчү гендер окшош тамга менен белгиленет, (мисалы, АА, Аа, аа же ВВ, Вв, вв ж. у. с.). Гомологиялык жуп хромосомалардын ар биринде ошол гендин бир гана аллели болушу мүмкүн, анткени мейоз учурунда алар ар башка гаметаларга бөлүнүп кетет.

Ад.: Дубинин Н.П. Общая генетика. , М., 1976; Полянский Ю.И. Общая биология. М., 1991; Каменский А. А., Ким А. И. Биология . М., 2003.