Difference between revisions of "АКЫРЕТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АКЫРЕТ''' ‒ диний түшүнүк боюнча адам үчүн түбөлүк жана негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археологиялык табылгалар, этнографиялык  даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум менен бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин Акырет түшүнүгү да биртоп татаалдаган. Акыреттин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, акыретке карама-каршы түшүнүк. Акыреттин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө менен тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. ''Мухаммед'' пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар жана ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.

[[Категория:1-Том]]

09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЫРЕТ ‒ диний түшүнүк боюнча адам үчүн түбөлүк жана негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археологиялык табылгалар, этнографиялык даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум менен бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин Акырет түшүнүгү да биртоп татаалдаган. Акыреттин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, акыретке карама-каршы түшүнүк. Акыреттин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө менен тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. Мухаммед пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар жана ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.