Difference between revisions of "АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ''' ‒ атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. | '''АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ''' ‒ атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. Атмосфера циркуляциясы ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосферанын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жергиликтүү циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Кыргызстандагы ''санташ, улан, керимсел'' жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар. | ||
[[Категория:1-Том]] |
10:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ ‒ атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна ж. б-га байланыштуу. Атмосфера циркуляциясы ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосферанын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жергиликтүү циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Кыргызстандагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.