Difference between revisions of "АТЛАС тоолору"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
4 -сап: 4 -сап:


''К. Жумашев.''
''К. Жумашев.''
[[Категория:1-Том]]

10:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АТЛАС, А т л а с т о о л о р у ‒ Африканын түндүк-батышындагы тоо системасы. Марокко, Алжир жана Тунис өлкөлөрүнүн аймагында. Узундугу 2000 кмдей. Эӊ бийик жери Марокконун аймагында ‒ Тубкаль чокусу, 4165 м.

АТЛАС32.png

Мында негизинен жарыш кырка тоолордон (Эр-Риф, Ортоӊку Атлас, Бийик Атлас, Анти атлас), ички калдык платолордон (Бийик плато, Марокко Месетасы) жана денудациялык-аккумуляциялык түздүктөрдөн турат. Деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 2000‒2500 м. Бийик кырка тоолорго рельефтин альп формалары мүнөздүү. Алжирдин чыгышында Атлас кыйла ичкерип, жапыздайт; Тунистин аймагында жапыз тоо жана дөӊсөөлөрдөн (Тунис Атласы) турат. Атлас альп-гималай кырчоосунун батыш бөлүгүндө соӊку тектоникалык кыймылдын натыйжасында, негизинен палеогендин аягында жана неогенде пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен мергель, түрдүү чопо жана акиташ тоо тектеринен турат; байыркы жанар тоо тектери кездешет. Темир, коргошун-цинк, кобальт (Бу-Аззер), фосфорит, нефть кендери бар.
Атлас субтропик алкагында жайгашкан, климаты жээктерде жер ортолук деӊиздик, калган бөлүгүндө жарым чөлдүү. Батыш жана түндүк капталдарында жаан-чачын арбын (1000‒1800 мм) жаайт; көп бөлүгүнүн жаан-чачыны 400‒600 мм, түштүк бөлүгүндө 300 мм жана андан да аз. Атластан Умм-эр-Рбия жана Шелиф дарыялары башталат. Топурак-өсүмдүктөрүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Түндүк жана түндүк-батыш капталдарында 800‒1200 м бийиктикке чейин дайыма жашыл таш жана тыгын жалбырагы катуу дарактар, эмен, 1700 мге чейин дайыма жашыл, жайкысын жашыл жазы (эмен, ак чечек) жана ийне жалбырактуу аралаш токой, 2200 мге чейин ийне жалбырактуу (негизинен атлас кедри) токой мүнөздүү. Ички каксоо жерлеринде жана түштүгүндө бадал (спарта ж. б.) жана дан өсүмдүктөрү (шыбак, эрмен) өсөт. Атластын түндүк аймактарынын ландшафты адамдын чарбалык ишинин натыйжасында өтө өзгөргөн.

К. Жумашев.