Difference between revisions of "АККОМОДАЦИЯ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККОМОДАЦИЯ''' (лат. akcomodatio – | '''АККОМОДАЦИЯ''' (лат. akcomodatio – ыңгайлануу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көз айнек кийүү сунуш кылынат. | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АККОМОДАЦИЯ (лат. akcomodatio – ыңгайлануу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн аккомодациялык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө аккомодациялык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен аккомодациялык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. Аккомодациянын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көз айнек кийүү сунуш кылынат.