Difference between revisions of "АГАРТУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)

(10 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай А. иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу м-н бекемделет. А. иши Кырг-нда 1917-ж. Октябрь рев-ясынан мурда диний ж-а туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» ж-а «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин А. ил. негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө мад-т мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. ж-а респ. бардык тармактары калкка билим берүү ж-а илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, ад-т ж-а иск-во тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.
'''АГАРТУУ''' ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу менен бекемделет. Агартуу иши Кыргызстанда 1917-жылы Октябрь революциясынан мурда диний жана туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» жана «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жергиликтүү жана республикалык бардык тармактары калкка билим берүү жана илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият жана искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

''И. Бекбоев.''
''И. Бекбоев.''
[[Категория:1-Том]]

08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АГАРТУУ ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу менен бекемделет. Агартуу иши Кыргызстанда 1917-жылы Октябрь революциясынан мурда диний жана туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» жана «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жергиликтүү жана республикалык бардык тармактары калкка билим берүү жана илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият жана искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

И. Бекбоев.