Difference between revisions of "АНТАЛЬЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АНТАЛЬЯ''' (Antalya) – Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Калкы 1,1 млн (2015). Жер ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктуларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейин 159–138-ж. пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-ж. селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-ж. түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган.
Р. Карачалова.
'''АНТАЛЬЯ''' (Antalya) – Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Калкы 1,1 млн (2015). Жер ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктуларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейин 159–138-жылдарда  пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-жылы  селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-жылы түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган.
Р. Карачалова.
[[Категория:1-Том]]

09:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АНТАЛЬЯ (Antalya) – Түркиянын түштүк-батышындагы шаар. Анталья илинин (администрациялык-аймактык бирдик) администрация борбору. Калкы 1,1 млн (2015). Жер ортолук деңиздеги Анталья булуңунун жээгинде, Батыш Тавр кырка тоосунун этегинен баштап, тектирчеленип жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт; Жер Ортолук деңиз жээгиндеги эң ири эл аралык аэропорт. Деңиздик климаттык курорт. 1990-жылдан эл аралык туризм жана эс алуу борбору катары ургалдуу өнүгүүдө. Музей (баалуу археологиялык коллекциялары менен), текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Айыл чарба продуктуларын (негизинен цитрус өсүмдүктөрүн) иштетүү борбору. Биздин заманга чейин 159–138-жылдарда пергама падышасы Аттал II негиздеген, анын урматына Атталия аталган. 1207-жылы селжуктар басып алган. 13-кылымда Анадолу кербен соода жолунун акыркы чеги. 1391-жылдан Осмон империясынын курамында. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Италияга берилип, 1921-жылы түрк аскерлери бошоткон. Үч аркалуу Адриан дарбазасы, минарет (13-кылым), Оттоман эстеликтери сакталган.
Р. Карачалова.