Difference between revisions of "АЛГАЧКЫ КООМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛГАЧКЫ КООМ''',  у р у у л у к ж а м а а т (урук) ‒ коомдук өнүгүүнүн адамдар пайда болушунан тартып, мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгили. Өнүгүүнүн кийинки коомдорунан таптардын, мамлекеттин жоктугу менен айырмаланат, бул доорго жамааттык эмгек, өндүрүш каражаттары жана өндүрүлгөн продуктуну жалпы пайдалануу мүнөздүү. Өндүрүү ишмердүүлүгүнүн келип чыгышынын натыйжасында адамдын ''(антропогенез)'', коомдун (социогенез), калыптануу процесси 1млндой убакытка созулган. Археологиялык  жагынан алганда, негизинен ''палеолит ''(эрте таш доору), ''мезолит ''(орто таш доору), ''неолит ''(жаӊы таш доору) доорлорун камтыйт. Алгачкы  коом  өзүнөн кийинки коомдордон айырмаланып өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деӊгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктуга теӊ ээлик кылуу жеке адамдын жаратылыш кубулуштарына алсыздыгынан улам келип чыккан. Алгачкы  коомдун тарыхы негизинен археологиялык, антропологиялык жана этнографиялык  маалыматтарга таянат. Алгачкы  коом 3 мезгилге бөлүнүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап бузулушу. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду ‒ энелик урууну'' (матриархат)'' жана аталык урууну'' (патриархат)'' камтыйт. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алат. Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары (алгач найза, союл, бычак, кийинчерээк кескич, канжар, кыргыч, балта, керки, орок ж. б.) колдонулуп, бара-бара өркүндөтүлө берген. Негизги кесиби аӊчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык, аӊ уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соӊку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоӊ-чоӊ үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык уруу мезгили коло доорун жана алгачкы ''темир доорун'' өзүнө камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк (жез, коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы абалы төмөндөгөн. Аталык уруунун соӊку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, жеке менчиктин жана чарбанын пайда болушуна, уруктардын бөлүнүшүнө алып келген, ошондой эле алгач согушта туткунга түшкөндөрдү, бара-бара ошол эле уруудагы жакырдангандарды кулга айландырган, байыган уруу башчыларынын бөлүнүп чыгышы социалдык  топтордун жана мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Алгачкы коомдун издери Кыргызстандын аймагында Нарын облусунда Нарын шаарына жакын Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган таш куралдарынан байкалат. Ортонку палеолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөӊсөөсүнөн, Ош облусунун Араван районундагы Сасык-Үӊкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Даӊгирекдере капчыгайынан эӊ байыркы таш талкалоочу жай табылган. Соӊку палеолит дооруна таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үӊкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Неолит жана коло доорунда пайдаланган курал-жарактар Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүнүн жанындагы Ак-Чуӊкур жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үӊкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Сокулук, Садовое, Беловодск айылынан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан, Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынан табылган. Ал эми аска бетине тартылган сүрөттөрдү Чүйдөгү Аламүдүн, Александровка, Жайылма, Кайыӊды, Оштогу Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Алай жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот..

[[Категория:1-Том]]

09:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛГАЧКЫ КООМ, у р у у л у к ж а м а а т (урук) ‒ коомдук өнүгүүнүн адамдар пайда болушунан тартып, мамлекет түзүлгөнгө чейинки мезгили. Өнүгүүнүн кийинки коомдорунан таптардын, мамлекеттин жоктугу менен айырмаланат, бул доорго жамааттык эмгек, өндүрүш каражаттары жана өндүрүлгөн продуктуну жалпы пайдалануу мүнөздүү. Өндүрүү ишмердүүлүгүнүн келип чыгышынын натыйжасында адамдын (антропогенез), коомдун (социогенез), калыптануу процесси 1млндой убакытка созулган. Археологиялык жагынан алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаӊы таш доору) доорлорун камтыйт. Алгачкы коом өзүнөн кийинки коомдордон айырмаланып өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деӊгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктуга теӊ ээлик кылуу жеке адамдын жаратылыш кубулуштарына алсыздыгынан улам келип чыккан. Алгачкы коомдун тарыхы негизинен археологиялык, антропологиялык жана этнографиялык маалыматтарга таянат. Алгачкы коом 3 мезгилге бөлүнүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап бузулушу. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду ‒ энелик урууну (матриархат) жана аталык урууну (патриархат) камтыйт. Энелик уруу мезгили төмөнкү палеолиттен неолитке чейинки мезгилди кучагына алат. Мында таштан, жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган эмгек куралдары (алгач найза, союл, бычак, кийинчерээк кескич, канжар, кыргыч, балта, керки, орок ж. б.) колдонулуп, бара-бара өркүндөтүлө берген. Негизги кесиби аӊчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук болгон. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык, аӊ уулоо, аялдар мөмө-жемиш терүү иштерин аткарган. Энелик уруунун соӊку доорунда уруу ичинде эне башкара турган чоӊ-чоӊ үй-бүлөлөр бөлүнүп чыгып, бир нече уруунун башын кошкон топтор калыптана берген. Аталык уруу мезгили коло доорун жана алгачкы темир доорун өзүнө камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк (жез, коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы абалы төмөндөгөн. Аталык уруунун соӊку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, жеке менчиктин жана чарбанын пайда болушуна, уруктардын бөлүнүшүнө алып келген, ошондой эле алгач согушта туткунга түшкөндөрдү, бара-бара ошол эле уруудагы жакырдангандарды кулга айландырган, байыган уруу башчыларынын бөлүнүп чыгышы социалдык топтордун жана мамлекеттин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Алгачкы коомдун издери Кыргызстандын аймагында Нарын облусунда Нарын шаарына жакын Он-Арча суусунун жээгинен, Ысык-Көлдө Балыкчы шаарына жакын жерден, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Кожо-Бакырган-Сайдан табылган таш куралдарынан байкалат. Ортонку палеолит дооруна таандык эстеликтер Ысык-Көл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөӊсөөсүнөн, Ош облусунун Араван районундагы Сасык-Үӊкүрдөн табылган. Алай тоо кыркасындагы Даӊгирекдере капчыгайынан эӊ байыркы таш талкалоочу жай табылган. Соӊку палеолит дооруна таандык куралдар Ош аймагындагы Сел-Үӊкүрдөн, Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Неолит жана коло доорунда пайдаланган курал-жарактар Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз өрөөнүнүн жанындагы Ак-Чуӊкур жана Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үӊкүрлөрүндө, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Сокулук, Садовое, Беловодск айылынан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан, Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы айылынан табылган. Ал эми аска бетине тартылган сүрөттөрдү Чүйдөгү Аламүдүн, Александровка, Жайылма, Кайыӊды, Оштогу Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Алай жана Кетмен-Төбө өрөөндөрүнөн табылган калдыктардан көрүүгө болот..