Difference between revisions of "АЖЫ БИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн  жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана ай­магындагы саясий окуяларга жигердүү катыш­кан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруу­сунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булак­тарында 1759‑жылы июнь айында Ажы  бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эр­дене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин  конушуна Кытай императо­рунун элчиси Доктан ке­лип, ага Кытай империя­сы менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим тү­зүү жөнүндө чакырык‑суну­шун, кытай мөөрүн тап­шырган. Ошол эле жыл­дын аягында Ажы  бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

'''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн  жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана ай­магындагы саясий окуяларга жигердүү катыш­кан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруу­сунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булак­тарында 1759‑жылы июнь айында Ажы  бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эр­дене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин  конушуна Кытай императо­рунун элчиси Доктан (Дакэтан) ке­лип, ага ''Цин империя­сынын'' (1644–1912) императору  (1735–1796) ''Цяньлун'' менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим тү­зүү жөнүндө чакырык‑суну­шун, ошондой эле атайын мөөр тап­шырган. Ошол эле жыл­дын аягында Ажы  бий өзүнүн жана Кокондун беги (1751–1770) ''Эрдененин'' атынан Цин империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго кат жазып, элчиликке Сары Күчүктү жиберген. Катында Цин императоруна эч кандай жамандык ниети жок экенин билдирген.

[[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]]
[[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]]
1760‑жылы Эрдене бий Алай­да тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоо­лоп Ош, Өзгөн шаарларына чейин жортуул жасаган. Ажы бий жооп иретинде 1761‑жылы  Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар­дын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Ар­зыматты жиберген. Маматкул бий жардам кы­луу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, че­рик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жи­гиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кет­кен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Тө­бөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдала­нып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштур­ган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жа­раат алган Ажы  бий  Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.
Ушул учурда Эрдене менен Ажы бийдин ортолорунда тарыхта «Ош жаңжалы» аталып калган окуя башталган. Оштун айланасындагы кыргыздар эгин сепкен жерлерди Кашкарга каттаган кербендер тебелетип жатканына байланыштуу Ажы бийдин буйругу менен 1762-жылы бир топ көпөс барымтага алынган. Ага жооп катары Эрдене бий Ошко жүрүш кылып, шаарды басып алган. Ажы бий да Кокондун өзүнө жортуул уюштуруп, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Мындан кийин Ажы бий Кашкарга өзү келип, Эрденеге каршы жардам сураган. Кашкардын наместниги Юнгуй Эрденеге шивэй (офицер) Томицитуну жиберип, эгер ал Оштон чыгып кетпесе, куралчан аскерин киргизе турганын эскерткен. Эрдене Оштон чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок Ажы бийди баш ийдирүү оюнан кайтпай, душмандыгын уланта берген. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар­дын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Ар­зыматты жиберген. Маматкул бий жардам кы­луу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, че­рик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жи­гиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кет­кен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Тө­бөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдала­нып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштур­ган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жа­раат алган Ажы  бий  Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Ад.: Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983.

''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

[[Категория:1-Том]]

08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана ай­магындагы саясий окуяларга жигердүү катыш­кан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруу­сунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булак­тарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эр­дене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императо­рунун элчиси Доктан (Дакэтан) ке­лип, ага Цин империя­сынын (1644–1912) императору (1735–1796) Цяньлун менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим тү­зүү жөнүндө чакырык‑суну­шун, ошондой эле атайын мөөр тап­шырган. Ошол эле жыл­дын аягында Ажы бий өзүнүн жана Кокондун беги (1751–1770) Эрдененин атынан Цин империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго кат жазып, элчиликке Сары Күчүктү жиберген. Катында Цин императоруна эч кандай жамандык ниети жок экенин билдирген.

АЖЫ БИЙ10.png

Ушул учурда Эрдене менен Ажы бийдин ортолорунда тарыхта «Ош жаңжалы» аталып калган окуя башталган. Оштун айланасындагы кыргыздар эгин сепкен жерлерди Кашкарга каттаган кербендер тебелетип жатканына байланыштуу Ажы бийдин буйругу менен 1762-жылы бир топ көпөс барымтага алынган. Ага жооп катары Эрдене бий Ошко жүрүш кылып, шаарды басып алган. Ажы бий да Кокондун өзүнө жортуул уюштуруп, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Мындан кийин Ажы бий Кашкарга өзү келип, Эрденеге каршы жардам сураган. Кашкардын наместниги Юнгуй Эрденеге шивэй (офицер) Томицитуну жиберип, эгер ал Оштон чыгып кетпесе, куралчан аскерин киргизе турганын эскерткен. Эрдене Оштон чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок Ажы бийди баш ийдирүү оюнан кайтпай, душмандыгын уланта берген. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар­дын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Ар­зыматты жиберген. Маматкул бий жардам кы­луу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, че­рик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жи­гиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кет­кен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Тө­бөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдала­нып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштур­ган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жа­раат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Ад.: Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983.

Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.