Difference between revisions of "АДАПТАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АДАПТАЦИЯ''' (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биологиялык  түрдүн морфофизиологиялык, жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгай­ланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бар­дык тепкичтеринде Адаптация  калыптана берет. Адаптация  жа­шоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организм­дин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы жанa жеке Адаптация болуп экиге бөлүнөт. Адаптациянын эволюциялык  өөрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бир­ден бир борбордук  проблемасы. Адаптация  тукум куугучтук­тун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун жанa мутациянын натый­жасында ишке ашат да, организмдин клетка­лары менен ткандарынын кээ бир тиричилик ара­кеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Адаптация  пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары менен клеткаларынын түзүлүшүндө жанa функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мисалы, Адаптациянын натыйжасында жарганаттын ал­дынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, ты­йын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑бутта­ры даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айлан­ган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска жанa канаттуулардын кээ бир түр­лөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүм­дүктө ар кандай морфологиялык, физиологиялык, анатомиялык  жана биохимиялык  өзгөрүүлөр болот. 19‑кылымдын 2‑жарымын­да Ч''. Дарвин'' эволюциялык теорияны ачкандан баштап, Адаптация  организмдеги туруктуу процесс болбостон, органикалык  эволюциянын үч фактору – ''өзгөргүчтүк, тукум куугучтук'' жана ''табигый тандалуунун'' натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат.

Ад.: ''Жученко'' А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984.

[[Категория:1-Том]]

08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАПТАЦИЯ (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биологиялык түрдүн морфофизиологиялык, жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгай­ланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бар­дык тепкичтеринде Адаптация калыптана берет. Адаптация жа­шоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организм­дин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы жанa жеке Адаптация болуп экиге бөлүнөт. Адаптациянын эволюциялык өөрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бир­ден бир борбордук проблемасы. Адаптация тукум куугучтук­тун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун жанa мутациянын натый­жасында ишке ашат да, организмдин клетка­лары менен ткандарынын кээ бир тиричилик ара­кеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Адаптация пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары менен клеткаларынын түзүлүшүндө жанa функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мисалы, Адаптациянын натыйжасында жарганаттын ал­дынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, ты­йын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑бутта­ры даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айлан­ган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска жанa канаттуулардын кээ бир түр­лөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүм­дүктө ар кандай морфологиялык, физиологиялык, анатомиялык жана биохимиялык өзгөрүүлөр болот. 19‑кылымдын 2‑жарымын­да Ч. Дарвин эволюциялык теорияны ачкандан баштап, Адаптация организмдеги туруктуу процесс болбостон, органикалык эволюциянын үч фактору – өзгөргүчтүк, тукум куугучтук жана табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат.

Ад.: Жученко А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984.