Difference between revisions of "АКСЕЛЕРАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:

'''АКСЕЛЕРАЦИЯ''', а к ц е л е р а ц и я (лат. accelratio ‒ ылдамдоо) ‒ 1) б и о л о г и я д а ‒ түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышы; 2) а н т р о п о л о г и я д а ‒ жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиол. жетилүүсүнүн тездеши; 3) п с и х о л о г и я д а ‒ балдардын акылынын тез өнүгүшү. Адам денесинин өсүшүнүн тездегени 20-кылымдын башында эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-жылы  Е. Кох Акселерация  деп атаган. Акселерация элдин бардык социалдык  топторунда байкалып, ар түрдүү анатомиялык  жана физиологиялык  белгилерге таандык. Мисалы, мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаӊыдан төрөлгөн баланын боюнун узундугу  орто эсеп менен алганда 0,5‒1 ''см''ге, салмагы ‒ 100‒300 ''г''га чоӊ. 5‒7 жаштагы балдардын денесинин уз. 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп менен 1,5 ''см''ге, массасы ‒ 500 ''г''га улам өсүп турган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин узундугу  ушул эле мезгилдин ичинде 10‒15 ''см''ге өскөн. Балдар чоӊойгон сайын Акселерациянын темпи да күчөйт. Мисалы, Ленинград облусунда 10‒15 жылдын ичинде 16‒18 жаштагы окуучулардын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 6‒9 ''см''ге, салмагы 4‒8 ''кг''га, көкүрөгүнүн айланасынын уз. 7‒11 ''см''ге өскөндүгү байкалган. Жаштардын дене боюнун өсүшү менен катар алардын жыныстык жактан жетилүү мөөнөтү да ылдамдоодо. Акселерациянын себептери жөнүндө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик жана иондоштуруучу нурлануунун таасиринен деп далилдешсе, айрымдары жашоо шарттын жакшырышы, витаминдүү тамак-аштын арбын болушу, радио, телекөрсөтүүлөр, ММК аркылуу көп маалыматтарды билүүсү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. Акселерацияга социалдык  жана экономикалык шарттардын таасири чоӊ.

'''АКСЕЛЕРАЦИЯ''', а к ц е л е р а ц и я (лат. accelratio ‒ ылдамдоо) ‒ 1) б и о л о г и я д а ‒ түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышы; 2) а н т р о п о л о г и я д а ‒ жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиологиялык жетилүүсүнүн тездеши; 3) п с и х о л о г и я д а ‒ балдардын акылынын тез өнүгүшү. Адам денесинин өсүшүнүн тездегени 20-кылымдын башында эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-жылы  Е. Кох Акселерация  деп атаган. Акселерация элдин бардык социалдык  топторунда байкалып, ар түрдүү анатомиялык  жана физиологиялык  белгилерге таандык. Мисалы, мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаӊыдан төрөлгөн баланын боюнун узундугу  орто эсеп менен алганда 0,5‒1 ''см''ге, салмагы ‒ 100‒300 ''г''га чоӊ. 5‒7 жаштагы балдардын денесинин узундугу 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп менен 1,5 ''см''ге, массасы ‒ 500 ''г''га улам өсүп турган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин узундугу  ушул эле мезгилдин ичинде 10‒15 ''см''ге өскөн. Балдар чоӊойгон сайын акселерациянын темпи да күчөйт. Мисалы, Ленинград облусунда 10‒15 жылдын ичинде 16‒18 жаштагы окуучулардын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 6‒9 ''см''ге, салмагы 4‒8 ''кг''га, көкүрөгүнүн айланасынын узундугу 7‒11 ''см''ге өскөндүгү байкалган. Жаштардын дене боюнун өсүшү менен катар алардын жыныстык жактан жетилүү мөөнөтү да ылдамдоодо. Акселерациянын себептери жөнүндө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик жана иондоштуруучу нурлануунун таасиринен деп далилдешсе, айрымдары жашоо шарттын жакшырышы, витаминдүү тамак-аштын арбын болушу, радио, телекөрсөтүүлөр, ММК аркылуу көп маалыматтарды билүүсү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. Акселерацияга социалдык  жана экономикалык шарттардын таасири чоӊ.

[[Категория:1-Том]]

09:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКСЕЛЕРАЦИЯ, а к ц е л е р а ц и я (лат. accelratio ‒ ылдамдоо) ‒ 1) б и о л о г и я д а ‒ түйүлдүктүн айрым бөлүкчөлөрүнүн тез калыптанышы; 2) а н т р о п о л о г и я д а ‒ жаш өспүрүмдөрдүн денесинин физиологиялык жетилүүсүнүн тездеши; 3) п с и х о л о г и я д а ‒ балдардын акылынын тез өнүгүшү. Адам денесинин өсүшүнүн тездегени 20-кылымдын башында эле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган. Ага байланыштуу болгон кубулуштардын татаал комплексин 1935-жылы Е. Кох Акселерация деп атаган. Акселерация элдин бардык социалдык топторунда байкалып, ар түрдүү анатомиялык жана физиологиялык белгилерге таандык. Мисалы, мындан 100 жыл мурдагыга караганда азыр жаӊыдан төрөлгөн баланын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 0,5‒1 смге, салмагы ‒ 100‒300 гга чоӊ. 5‒7 жаштагы балдардын денесинин узундугу 1880-жылдан 1950-жылга чейинки мезгилдин ар бир 10 жылында орто эсеп менен 1,5 смге, массасы ‒ 500 гга улам өсүп турган. Мектеп жашындагы балдардын денесинин узундугу ушул эле мезгилдин ичинде 10‒15 смге өскөн. Балдар чоӊойгон сайын акселерациянын темпи да күчөйт. Мисалы, Ленинград облусунда 10‒15 жылдын ичинде 16‒18 жаштагы окуучулардын боюнун узундугу орто эсеп менен алганда 6‒9 смге, салмагы 4‒8 кгга, көкүрөгүнүн айланасынын узундугу 7‒11 смге өскөндүгү байкалган. Жаштардын дене боюнун өсүшү менен катар алардын жыныстык жактан жетилүү мөөнөтү да ылдамдоодо. Акселерациянын себептери жөнүндө ар кандай гипотезалар бар: бир катар илимпоздор күн нурунун ургаалдуу таасири, тамактануунун жакшырышы, электр магниттик жана иондоштуруучу нурлануунун таасиринен деп далилдешсе, айрымдары жашоо шарттын жакшырышы, витаминдүү тамак-аштын арбын болушу, радио, телекөрсөтүүлөр, ММК аркылуу көп маалыматтарды билүүсү балдардын ар тараптан тез өсүшүнө шарт түзөт дешет. Акселерацияга социалдык жана экономикалык шарттардын таасири чоӊ.