Difference between revisions of "АГРОФИЗИКА"
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГРОФИЗИКА''', а г р о н о м и я л ы к ф и з и к а (''агро''... <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ''физика'' ) ‒ топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу жөнүндөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жана каражаттары. Агрофизика 20-кылымда калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика, биофизика | '''АГРОФИЗИКА''', а г р о н о м и я л ы к ф и з и к а (''агро''... <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ''физика'' ) ‒ топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу жөнүндөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жана каражаттары. Агрофизика 20-кылымда калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика, биофизика жана башкалардын теориялык жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. Агрофизикалык изилдөөлөрдө вегетациялык жана башка ыкма жана так приборлор (өсүмдүктөгү физиологиялык процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы менен өсүмдүктөгү биологиялык процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы жана башкалар жөнүндө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу жана башка үчүн пайдаланылат. | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
14:27, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АГРОФИЗИКА, а г р о н о м и я л ы к ф и з и к а (агро... жана физика ) ‒ топурак жана өсүмдүктөгү физикалык процесстер, өсүмдүк тиричилигиндеги физикалык шартты жөнгө салуучу ыкманы, каражатты колдонуу жөнүндөгү илим. Ал бир нече бөлүмдөн турат: топурак физикасы, абанын жерге жакын катмарынын физикасы, өсүмдүк биофизикасы, өсүмдүккө сырткы чөйрөнүн тийгизген таасирин жөнгө салуу ыкмасы жана каражаттары. Агрофизика 20-кылымда калыптанган, азыркы табият таануу илимдеринин, айрыкча физика, биофизика жана башкалардын теориялык жетишкендиктеринин негизинде өнүгүүдө. Анын өнүгүшүндө орус окумуштуулары Д. Н. Прянишников, А. Г. Дояренко, Н. А. Качинский, А. Ф. Иоффе чоӊ салым киргизген. Агрофизикалык изилдөөлөрдө вегетациялык жана башка ыкма жана так приборлор (өсүмдүктөгү физиологиялык процесстерди изилдөө, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүн аныктоо үчүн) колдонулат. Прибордун жардамы менен өсүмдүктөгү биологиялык процесстер, өсүмдүктүн сырткы чөйрөсүнүн абалы жана башкалар жөнүндө маалымат алынат. Алынган маалыматтар топуракта ным сактоо, топуракта жылуулук режимин, үрөн себүү ыкмасын жакшыртуу жана башка үчүн пайдаланылат.