Difference between revisions of "АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР''' – 1924-жылы Кыргызстандагы | '''АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР''' – 1924-жылы Кыргызстандагы бардык илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз Автономиялуу Облусунун Ревкомунун Президиуму тарабынан уюштурулган мекеме. Кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын жана программаларын, жобо, инструкцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу академиялык борбордун башкы милдети болгон. Ошондой эле илимий мекемелердин иштерин жөнгө салуу менен жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. Академиялык борбордун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро жана музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди коргоо уюмдары иштеген. Кыргызстан край таануу илимий-изилдөө институтуна уюшулганга чейин (1928), академиялык борбор тарабынан маданий курулуштун актуалдуу, татаал жана ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды жана тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР – 1924-жылы Кыргызстандагы бардык илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз Автономиялуу Облусунун Ревкомунун Президиуму тарабынан уюштурулган мекеме. Кыргыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын жана программаларын, жобо, инструкцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу академиялык борбордун башкы милдети болгон. Ошондой эле илимий мекемелердин иштерин жөнгө салуу менен жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. Академиялык борбордун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро жана музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди коргоо уюмдары иштеген. Кыргызстан край таануу илимий-изилдөө институтуна уюшулганга чейин (1928), академиялык борбор тарабынан маданий курулуштун актуалдуу, татаал жана ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды жана тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн.