Difference between revisions of "АКАДЕМИЯ"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИЯ''' (лат. Academia) – илимий | '''АКАДЕМИЯ''' (лат. Academia) – илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑жылдар ортосунда ''Платон'' философиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жерге берилген мифтик каарман Академдин атынан келип чыккан. ''Эллинизм'' доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑кылым), Самарканд (15‑кылым) обсерваторияларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү болгон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑кылымда табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече илимий коомдор – Академия иштеген 17-кылымдын экинчи жарымынан тартып, мамлекетик бийликтин колдоосу менен Академия улуттук илимий борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Парижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑жылдарда Россияда ИАдан тышкары орус тилин жана көркөм чыгармаларды изилдөө иштерин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги академиялар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин Бранденбург илимдер академиясы, Дания Королчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18-кылымдын аягынан Академия ролун Лондон Королчулук коому, Францияда – Франция институту, Италияда – дея Линчея улуттук академиясы, Испанияда – Испан королчулук академиясы; Азия жана Африка өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизделип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган. Көп өлкөлөрдө тармактык академиялар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү академиясы, Россия медицина илимдеринин академиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания техникалык илимдер академиясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улуттук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда Академия 1954‑жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда ''Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер акад''е''миясы'' статусун алган. Мамлекеттик академиялар менен бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, ''Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы'' бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) жана өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. | ||
''М. Оморов.''
| ''М. Оморов.''

[[Категория:1-Том]] |
08:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКАДЕМИЯ (лат. Academia) – илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑жылдар ортосунда Платон философиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жерге берилген мифтик каарман Академдин атынан келип чыккан. Эллинизм доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑кылым), Самарканд (15‑кылым) обсерваторияларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү болгон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑кылымда табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече илимий коомдор – Академия иштеген 17-кылымдын экинчи жарымынан тартып, мамлекетик бийликтин колдоосу менен Академия улуттук илимий борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Парижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑жылдарда Россияда ИАдан тышкары орус тилин жана көркөм чыгармаларды изилдөө иштерин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги академиялар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин Бранденбург илимдер академиясы, Дания Королчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18-кылымдын аягынан Академия ролун Лондон Королчулук коому, Францияда – Франция институту, Италияда – дея Линчея улуттук академиясы, Испанияда – Испан королчулук академиясы; Азия жана Африка өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизделип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган. Көп өлкөлөрдө тармактык академиялар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү академиясы, Россия медицина илимдеринин академиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания техникалык илимдер академиясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улуттук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда Академия 1954‑жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек шаары) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы статусун алган. Мамлекеттик академиялар менен бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) жана өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган.
М. Оморов.