Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ''' – | '''АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ''' – 7–12‑кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, ''Тараз‑Талас'' автожолунан 75 ''км'' аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 ''м.'' Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 ''м.'' Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак-Дөбө шаар калдыгын орто кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул шаарынын орду менен байланыштырышат. | ||
В. В. ''Бартольд,'' М. Е. ''Массон,'' А. Н. ''Берн­штам'' тарабынан изилденген.
''М. И. Москалёв.'' | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Бакай‑Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. Ак-Дөбө шаар калдыгын орто кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул шаарынын орду менен байланыштырышат.
В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.