Difference between revisions of "АЙНИ"
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙНИ''' (өз | '''АЙНИ''' (өз аты‑жөнү '''Садриддин Саид‑Муродзода)''' [15 (27). 4. 1878, Сактари кыштагы, Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик адабиятынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы медреседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик | ||
[[File:АЙНИ60.png | thumb|none]] | [[File:АЙНИ60.png | thumb|none]] | ||
элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал | элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал «С ү т к ор д у н ө л ү м ү» (1939, 1952) повестинде ачкөз сарандын образын берген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курч публицистикалык макалалар менен тарыхый көркөм очерктерди (мисалы, «Мукананын көтөрүлүшү») жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑1954; СССР мамлекеттик сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы жана филологиясы боюнча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмирлеринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил жана башкалар жөнүндө очерктердин жана монографиялардын автору. Айнинин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Ад.; ''Брагинский И. С. С.'' Айни. М., 1978. | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
16:20, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
АЙНИ (өз аты‑жөнү Садриддин Саид‑Муродзода) [15 (27). 4. 1878, Сактари кыштагы, Гиждуванга жакын – 15. 7. 1954, Дүйшөмбү] – тажик адабиятынын негиз салуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Тажик ССР ИАнын биринчи президенти (1951), Тажик ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги. Бухарадагы медреседе окуган. Тажик, өзбек тилдеринде жазган. Анын «Одина» повестинде (1924), «Дохунда» (1930), «Кулдар» (1934) романдарында тажик
элинин жүз жыл ичиндеги турмушу, басып өткөн тарыхый жолу сүрөттөлгөн. Ал «С ү т к ор д у н ө л ү м ү» (1939, 1952) повестинде ачкөз сарандын образын берген. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде курч публицистикалык макалалар менен тарыхый көркөм очерктерди (мисалы, «Мукананын көтөрүлүшү») жазган. 1948‑жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Эскермелер» аттуу көркөм автобиографиялык китебинин үстүндө иштеген (орусчасы «Бухара», 1‑4‑китеп, 1949‑1954; СССР мамлекеттик сыйл., 1950). Азия элдеринин тарыхы жана филологиясы боюнча изилдөөлөрдүн, «Мангыт династиясынын эмирлеринин тарыхы» (1923), «Тажик адабиятынын үлгүлөрү» (1926) антологиясынын, Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саади, Навои, Васифи, Бедил жана башкалар жөнүндө очерктердин жана монографиялардын автору. Айнинин чыгармалары дүйнө элдеринин тилине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган. СССР Жогорку Советинин 3‑4‑шайланышынын депутаты, үч Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Ад.; Брагинский И. С. С. Айни. М., 1978.