Difference between revisions of "АЙКӨЛ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙКӨЛ''' – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебелбес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок Айкөл деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жашоодо <span cat='ж.кыск' oldv=' | '''АЙКӨЛ''' – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебелбес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок Айкөл деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жашоодо <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> фольклордо – «Ай» эркектин наркы <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> байланыштырылган, ошондой эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маанисинде да айтылган <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> айтылып келет: «Алтын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбатчылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп келет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз тилинде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, Айкөл алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. | ||
''С. Асанбеков.'' | ''С. Асанбеков.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙКӨЛ – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебелбес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок Айкөл деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жашоодо жана фольклордо – «Ай» эркектин наркы менен байланыштырылган, ошондой эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маанисинде да айтылган жана айтылып келет: «Алтын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбатчылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп келет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз тилинде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, Айкөл алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал.
С. Асанбеков.