Difference between revisions of "АДОРНО"
м (→top: категория кошуу) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДОРНО''' Теодор (11. 9. 1903, | '''АДОРНО''' Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. 20‑кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалектикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европанын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.<br> ''Т. Эсенгелдиев.'' | ||
<br> | <br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДОРНО Теодор (11. 9. 1903, Франкфурт‑на‑Майне, Герман империясы – 6. 8. 1969, Висп, Швейцария) – немец философу, социологу жанa композитор. Франкфурт мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн. Модернизм эстетикасына чоң салым кошкон. Монополисттик башкаруудан улам келип чыккан массалык маданият индустриясынын пайда болушун, мамилелердин стандартталышын сынга алган. Ал алгачкы эмгектеринде экспрессионисттик драма, музыканын «ландшафты», анын дүйнө таануудагы күчү, рационалдуулугу жөнүндө маанилүү ойлорду айткан. 20‑кылымдын 20‑жылдарынан баштап Франкфурт багытына ооп, коом жөнүндөгү бардык теорияны сынга алат, бирок марксизмге жактыруу менен мамиле кылган. Айрыкча андагы товардык фетишизм (сыйынуу, табынуу) концепциясына маани берет. «Агартуу диалектикасы» (1947) аттуу эмгегинде Батыш Европанын агартуучулугу, маданияты, музыкасы – «жолу болбогон цивилизация» тарыхы деп ырастайт.
Т. Эсенгелдиев.