Difference between revisions of "АДАПТЕР"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАПТЕР''' (англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) | '''АДАПТЕР''' (англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) 1) эсептөө техникасында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (''принтер, дисплей, сканер'' ж. б.) <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> байланыштыруучу түзүлүш. Мисалы, графиктик Адаптер – информацияны (символдук, графиктик) дисплейдин экранына чыгарат, санариптик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга өзгөртөт. ''Энелик тактада'' электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (платада) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын ''процессору'' бар; 2) электр‑техникада өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабыл алгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчөгүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдонулат; 3) сүрөткө тартууда (фотографияда) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаштыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).<br> | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАПТЕР (англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) 1) эсептөө техникасында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер ж. б.) менен байланыштыруучу түзүлүш. Мисалы, графиктик Адаптер – информацияны (символдук, графиктик) дисплейдин экранына чыгарат, санариптик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (платада) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2) электр‑техникада өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабыл алгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчөгүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдонулат; 3) сүрөткө тартууда (фотографияда) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаштыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).