Difference between revisions of "АДАБИЙ ИЙРИМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЙ ИЙРИМ''' – белгилүү бир предметке кызыккан окуучулар бирикмеси. Ага каалоочулар өз ыктыяры менен катыша алат. Туруктуу мүчөлөрү, төрагасы, катчысы же ийримдин кеңеши болот да, алар уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ийримдин жетекчиси жылдык же жарым жылдык план түзүп, ал демократиялуу түрдө талкууланып бекитилет. Класска карап, адабий ийримдин түрлөрү (темалары) белгиленет. 1. Көркөм окуу ийрими адабий ийримдин жөнөкөй түрү. Көбүнчө төмөнкү класстарга ылайыктуу. Мында кыргыздын оозеки кеп маданиятына, көркөм окууга үйрөнөт, окурмандык өнөрдү калыптоо милдети коюлат да, ар түрдүү тектеги, жанрдагы, ар түрдүү формадагы көркөм тексттерди көрктүү, кырааты менен келтирип окуп машыгат, “Манас” ж. б. дастандарды, кыргыздын лирикалык ырларын аткарып үйрөнөт, артисттердин аткаруусундагы грамматикалык жазууларды угат жана талдайт. Көркөм окуган балдардын байгелери өткөрүлөт. Ийримдин мүчөлөрү ар кандай кечелерде, жолугушууларда көрктүү окуп, эл алдына чыгат. 2. Драмалык ийрим. Мунун негизги максаты – драмалык чыгармаларды сахнага коюуга даярдоо. Ийримдин сабагы адегенде пьесаны окуу менен башталып, анан ошол текст талдоого алынган соң ролдор бөлүштүрүлөт. Ошондон кийин гана сахнага алып чыгуунун жолдору, ыкмалары үйрөнүлөт. Ийримдин катышуучулары эне тилинде сүйлөөнүн образдуулугун, көркөмдүгүн, эмоциялуулугун, орфоэпиялык тууралыгын билип чыгууга тийиш. Негизги иштери – театрдан спектаклдерди көрүп, пикир айтуу, артисттер менен жолугушууларды уюштуруу, театр сынчыларынын макалаларын талкуулоо. Ийримдин ишинин жыйынтыгы, натыйжасы спектакль жаратуу менен белгиленет. Адабият менен театр өнөрүнүн негиздерине, жол-жоболоруна таянып иш жүргүзөт. 3. Адабий чыгармачылык ийрим. Мында көркөм чыгарма жазуунун “сырларын” үйрөнүүгө болот. Ырас, таланттуу төрөлбөсөң, тубаса шыгың болбосо, чыгарма жаза албайсың, бирок канчалык талантың болсо да, жазуу ыкмаларың, оюңду кагазга түшүрүү маданиятың болбосо, анда талпынганың бош кетет. Чыгармачылык ийрим (көбүнчө анын ичинде делет) таланттуу балдар үчүн арналат. Анда адабият теориясынын негиздери, адабий чыгармаларды талдоонун принциптери, адабияттын тарыхына байланыштуу маселелер үйрөтүлөт, жазуучулардын кандай иштегендиги, чыгармалардын жазылыш тарыхы, варианттары, кыскасы чыгармачылык өнөркана анализденет, ар кыл тектеги, жанрдагы көркөм чыгармалар талданат, жаш талапкерлер өздөрү чыгармаларды жазып көрөт, биринин жазганын бири же жамаатташып талкууга алат. Акын-жазуучулар менен жолугушууларды өткөрөт. 4. Адабий ийрим мында негизги көңүл программадан тышкаркы чыгармаларды окуп, үйрөнүүгө бурулат. Мындай ийримдеги иштин башкы формасы – доклад жасоо жана ошол докладга кошумча пикирлер айтуу, талкуулоо. Аларда бир жазуучунун чыгармасы же белгилүү мезгилдин адабий процесси талданышы мүмкүн. Адабий жаңылыктар жөнүндө сөз кылуу, жаңы чыккан китептерди талкуулап, авторлор менен жолугушууларды өткөрүп туруу бул ийримдин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Булардан башка да жомокчулар, манасчылар, котормочулар, фольклор жыйноочулар сыяктуу ийримдердин формаларын уюштурууга болот жана ушундай түрлөрү кыргыз мектептеринде жашап жатат. Адабий  ийримдердин башкы максаты – жаштардын образдуу ой жүгүртүүсүн, көркөм табитин өстүрүү, рухий маданиятын, адабиятты түшүнүү деңгээлин көтөрүү, эне тилин сүйө билүүгө үйрөтүү. Ар бир ийримдин өзүнчө же баарынын бириктирилген органы – дубал гезити же кол жазма журналы болот, мүмкүн болсо мектеп радио аркылуу атайын берүүлөрдү уюштуруп туруусу керек.
'''АДАБИЙ ИЙРИМ''' – белгилүү бир предметке кызыккан окуучулар бирикмеси. Ага каалоочулар өз ыктыяры менен катыша алат. Туруктуу мүчөлөрү, төрагасы, катчысы же ийримдин кеңеши болот да, алар уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ийримдин жетекчиси жылдык же жарым жылдык план түзүп, ал демократиялуу түрдө талкууланып бекитилет. Класска карап, адабий ийримдин түрлөрү (темалары) белгиленет. 1. Көркөм окуу ийрими адабий ийримдин жөнөкөй түрү. Көбүнчө төмөнкү класстарга ылайыктуу. Мында кыргыздын оозеки кеп маданиятына, көркөм окууга үйрөнөт, окурмандык өнөрдү калыптоо милдети коюлат да, ар түрдүү тектеги, жанрдагы, ар түрдүү формадагы көркөм тексттерди көркөм, кырааты менен келтирип окуп машыгат, “Манас” ж. б. дастандарды, кыргыздын лирикалык ырларын аткарып үйрөнөт, артисттердин аткаруусундагы грамматикалык жазууларды угат жана талдайт. Көркөм окуган балдардын байгелери өткөрүлөт. Ийримдин мүчөлөрү ар кандай кечелерде, жолугушууларда көркөм окуп, эл алдына чыгат. 2. Драмалык ийрим. Мунун негизги максаты – драмалык чыгармаларды сахнага коюуга даярдоо. Ийримдин сабагы адегенде пьесаны окуу менен башталып, анан ошол текст талдоого алынган соң ролдор бөлүштүрүлөт. Ошондон кийин гана сахнага алып чыгуунун жолдору, ыкмалары үйрөнүлөт. Ийримдин катышуучулары эне тилинде сүйлөөнүн образдуулугун, көркөмдүгүн, эмоциялуулугун, орфоэпиялык тууралыгын билип чыгууга тийиш. Негизги иштери – театрдан спектаклдерди көрүп, пикир айтуу, артисттер менен жолугушууларды уюштуруу, театр сынчыларынын макалаларын талкуулоо. Ийримдин ишинин жыйынтыгы, натыйжасы спектакль жаратуу менен белгиленет. Адабият менен театр өнөрүнүн негиздерине, жол-жоболоруна таянып иш жүргүзөт. 3. Адабий чыгармачылык ийрим. Мында көркөм чыгарма жазуунун “сырларын” үйрөнүүгө болот. Ырас, таланттуу төрөлбөсөң, тубаса шыгың болбосо, чыгарма жаза албайсың, бирок канчалык талантың болсо да, жазуу ыкмаларың, оюңду кагазга түшүрүү маданиятың болбосо, анда талпынганың бош кетет. Чыгармачылык ийрим (көбүнчө анын ичинде делет) таланттуу балдар үчүн арналат. Анда адабият теориясынын негиздери, адабий чыгармаларды талдоонун принциптери, адабияттын тарыхына байланыштуу маселелер үйрөтүлөт, жазуучулардын кандай иштегендиги, чыгармалардын жазылыш тарыхы, варианттары, кыскасы чыгармачылык өнөркана анализденет, ар кыл тектеги, жанрдагы көркөм чыгармалар талданат, жаш талапкерлер өздөрү чыгармаларды жазып көрөт, биринин жазганын бири же жамаатташып талкууга алат. Акын-жазуучулар менен жолугушууларды өткөрөт. 4. Адабий ийрим мында негизги көңүл программадан тышкаркы чыгармаларды окуп, үйрөнүүгө бурулат. Мындай ийримдеги иштин башкы формасы – доклад жасоо жана ошол докладга кошумча пикирлер айтуу, талкуулоо. Аларда бир жазуучунун чыгармасы же белгилүү мезгилдин адабий процесси талданышы мүмкүн. Адабий жаңылыктар жөнүндө сөз кылуу, жаңы чыккан китептерди талкуулап, авторлор менен жолугушууларды өткөрүп туруу бул ийримдин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Булардан башка да жомокчулар, манасчылар, котормочулар, фольклор жыйноочулар сыяктуу ийримдердин формаларын уюштурууга болот жана ушундай түрлөрү кыргыз мектептеринде жашап жатат. Адабий  ийримдердин башкы максаты – жаштардын образдуу ой жүгүртүүсүн, көркөм табитин өстүрүү, рухий маданиятын, адабиятты түшүнүү деңгээлин көтөрүү, эне тилин сүйө билүүгө үйрөтүү. Ар бир ийримдин өзүнчө же баарынын бириктирилген органы – дубал гезити же кол жазма журналы болот, мүмкүн болсо мектеп радио аркылуу атайын берүүлөрдү уюштуруп туруусу керек.
[[Категория:1-Том]]

08:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАБИЙ ИЙРИМ – белгилүү бир предметке кызыккан окуучулар бирикмеси. Ага каалоочулар өз ыктыяры менен катыша алат. Туруктуу мүчөлөрү, төрагасы, катчысы же ийримдин кеңеши болот да, алар уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ийримдин жетекчиси жылдык же жарым жылдык план түзүп, ал демократиялуу түрдө талкууланып бекитилет. Класска карап, адабий ийримдин түрлөрү (темалары) белгиленет. 1. Көркөм окуу ийрими адабий ийримдин жөнөкөй түрү. Көбүнчө төмөнкү класстарга ылайыктуу. Мында кыргыздын оозеки кеп маданиятына, көркөм окууга үйрөнөт, окурмандык өнөрдү калыптоо милдети коюлат да, ар түрдүү тектеги, жанрдагы, ар түрдүү формадагы көркөм тексттерди көркөм, кырааты менен келтирип окуп машыгат, “Манас” ж. б. дастандарды, кыргыздын лирикалык ырларын аткарып үйрөнөт, артисттердин аткаруусундагы грамматикалык жазууларды угат жана талдайт. Көркөм окуган балдардын байгелери өткөрүлөт. Ийримдин мүчөлөрү ар кандай кечелерде, жолугушууларда көркөм окуп, эл алдына чыгат. 2. Драмалык ийрим. Мунун негизги максаты – драмалык чыгармаларды сахнага коюуга даярдоо. Ийримдин сабагы адегенде пьесаны окуу менен башталып, анан ошол текст талдоого алынган соң ролдор бөлүштүрүлөт. Ошондон кийин гана сахнага алып чыгуунун жолдору, ыкмалары үйрөнүлөт. Ийримдин катышуучулары эне тилинде сүйлөөнүн образдуулугун, көркөмдүгүн, эмоциялуулугун, орфоэпиялык тууралыгын билип чыгууга тийиш. Негизги иштери – театрдан спектаклдерди көрүп, пикир айтуу, артисттер менен жолугушууларды уюштуруу, театр сынчыларынын макалаларын талкуулоо. Ийримдин ишинин жыйынтыгы, натыйжасы спектакль жаратуу менен белгиленет. Адабият менен театр өнөрүнүн негиздерине, жол-жоболоруна таянып иш жүргүзөт. 3. Адабий чыгармачылык ийрим. Мында көркөм чыгарма жазуунун “сырларын” үйрөнүүгө болот. Ырас, таланттуу төрөлбөсөң, тубаса шыгың болбосо, чыгарма жаза албайсың, бирок канчалык талантың болсо да, жазуу ыкмаларың, оюңду кагазга түшүрүү маданиятың болбосо, анда талпынганың бош кетет. Чыгармачылык ийрим (көбүнчө анын ичинде делет) таланттуу балдар үчүн арналат. Анда адабият теориясынын негиздери, адабий чыгармаларды талдоонун принциптери, адабияттын тарыхына байланыштуу маселелер үйрөтүлөт, жазуучулардын кандай иштегендиги, чыгармалардын жазылыш тарыхы, варианттары, кыскасы чыгармачылык өнөркана анализденет, ар кыл тектеги, жанрдагы көркөм чыгармалар талданат, жаш талапкерлер өздөрү чыгармаларды жазып көрөт, биринин жазганын бири же жамаатташып талкууга алат. Акын-жазуучулар менен жолугушууларды өткөрөт. 4. Адабий ийрим мында негизги көңүл программадан тышкаркы чыгармаларды окуп, үйрөнүүгө бурулат. Мындай ийримдеги иштин башкы формасы – доклад жасоо жана ошол докладга кошумча пикирлер айтуу, талкуулоо. Аларда бир жазуучунун чыгармасы же белгилүү мезгилдин адабий процесси талданышы мүмкүн. Адабий жаңылыктар жөнүндө сөз кылуу, жаңы чыккан китептерди талкуулап, авторлор менен жолугушууларды өткөрүп туруу бул ийримдин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Булардан башка да жомокчулар, манасчылар, котормочулар, фольклор жыйноочулар сыяктуу ийримдердин формаларын уюштурууга болот жана ушундай түрлөрү кыргыз мектептеринде жашап жатат. Адабий ийримдердин башкы максаты – жаштардын образдуу ой жүгүртүүсүн, көркөм табитин өстүрүү, рухий маданиятын, адабиятты түшүнүү деңгээлин көтөрүү, эне тилин сүйө билүүгө үйрөтүү. Ар бир ийримдин өзүнчө же баарынын бириктирилген органы – дубал гезити же кол жазма журналы болот, мүмкүн болсо мектеп радио аркылуу атайын берүүлөрдү уюштуруп туруусу керек.