Difference between revisions of "АВГУСТИН Аврелий"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АВГУСТИН''' Аврелий, А в г у с т и н  Б л а ж е н н ы й (13. 1. 354, Тагаста, Түн. Африка (азыркы Алжир, Сук-Ахрас ш. – 28. 8. 430, Түн. Африка, Гиппон) – христианчылыкта теологиялык - философиялык жана саясий-социологиялык  доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түн. Африкадагы Гиппон шаарынын епископу. Августин  Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. Августиндин пикири боюнча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон жана тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн Кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү жана талыкпаган рухий мээнет менен гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. Августин  боюнча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.
''Т. Эсенгелдиев.''
'''АВГУСТИН''' Аврелий, А в г у с т и н  Б л а ж е н н ы й (13. 1. 354, Тагаста, Түндүк Африка (азыркы Алжир, Сук-Ахрас ш. – 28. 8. 430, Түндүк Африка, Гиппон) – христианчылыкта теологиялык - философиялык жана саясий-социологиялык  доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түндүк Африкадагы Гиппон шаарынын епископу. Августин  Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. Августиндин пикири боюнча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон жана тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн Кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү жана талыкпаган рухий мээнет менен гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. Августин  боюнча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.
''Т. Эсенгелдиев.''

[[Категория:1-Том]]

08:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВГУСТИН Аврелий, А в г у с т и н Б л а ж е н н ы й (13. 1. 354, Тагаста, Түндүк Африка (азыркы Алжир, Сук-Ахрас ш. – 28. 8. 430, Түндүк Африка, Гиппон) – христианчылыкта теологиялык - философиялык жана саясий-социологиялык доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түндүк Африкадагы Гиппон шаарынын епископу. Августин Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. Августиндин пикири боюнча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон жана тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн Кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү жана талыкпаган рухий мээнет менен гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. Августин боюнча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.
Т. Эсенгелдиев.