Difference between revisions of "БАЕТОВ Муса"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАЕТОВ''' Муса (10. 11. 1902-жыл, Түркстан, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Байгөнчөк айылы (азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Муса Баетов айылы) – 9. 5. 1949-жыл, Фрунзе шаары) – ырчы (тенор), композитор-обончу. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). | '''БАЕТОВ''' '''Муса''' (10. 11. 1902-жыл, Түркстан, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Байгөнчөк айылы (азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Муса Баетов айылы) – 9. 5. 1949-жыл, Фрунзе шаары) – ырчы (тенор), композитор-обончу. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). | ||
[[Файл:Муса Баетов.jpg|alt=СҮрөтү|thumb|Муса Баетов]] | |||
Муса Баетов тоо арасындагы айылда төрөлүп, комуз чертип, ыр ырдап жүрүп, кыргыз жергесине европалык искусство жайылып кирип келгенде, тенор үндүү опералык ырчы жана композитор деңгээлине көтөрүлүп жеткен. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын рухунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. Муса Баетов элдик салттарга таянган чыгармачылыгында кыргыздын элдик ырчыларынын аткаруучулук өзгөчөлүктөрүн сактап калган, ошондой эле кайрыктарында мукамдуулук, форматтын молдугу, лирикалык жылуулугу өзгөчө болгон. Ал комузда, домбурада, гармондо эркин ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткара билген. Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен. Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген. | Муса Баетов тоо арасындагы айылда төрөлүп, комуз чертип, ыр ырдап жүрүп, кыргыз жергесине европалык искусство жайылып кирип келгенде, тенор үндүү опералык ырчы жана композитор деңгээлине көтөрүлүп жеткен. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын рухунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. Муса Баетов элдик салттарга таянган чыгармачылыгында кыргыздын элдик ырчыларынын аткаруучулук өзгөчөлүктөрүн сактап калган, ошондой эле кайрыктарында мукамдуулук, форматтын молдугу, лирикалык жылуулугу өзгөчө болгон. Ал комузда, домбурада, гармондо эркин ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткара билген. Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен. Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген. | ||
15 -сап: | 16 -сап: | ||
1946–1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган «Манас» операсындагы Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. | 1946–1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган «Манас» операсындагы Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган. | ||
Байсалдуу чыгармачылык ишмердиги 1934-жылы Кыргыз музыкалык драма театрынан башталган. Аны Коммунисттик партиянын Ат-Башы райондук комитетинин биринчи секретары Акматбек Жумабаев Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына сынакка алып келген. Ал учур тууралуу төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев мындай деген: «Комиссия мүчөлөрү отурган бөлмөгө кирдим. Ортого коюлган отургучка жазы маңдай, кызыл жүздүү, жапалдаш бойлуу жаш жигит келип отурду. Комузун колго алып «Жароокерди» ырдады. Мусанын мукамдуу кооз үнү отургандарды дароо арбап, өзүнө тартып алды. Анан сезимибизди козгоп, жүрөгүбүздүн терең жерине жетип, жаш жигиттин сүйүүгө болгон кусалыгы, жароокер сүйгөнүн күнү-түнү эстеп сагынганын отургандарга элестетти. Бөлмөнүн ичи жымжырт. Бир гана Мусанын ажайып үнү бирде жаңырып, бирде салмактуу угулат. Муса кыяк (гармонь) менен да ырдады. Комиссиянын мүчөлөрү Мусаны театрга кабыл алууга бир добуштан чечим чыгарышты». | |||
1939-жылы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген. 1944-жылы Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон. | 1939-жылы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген. 1944-жылы Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон. | ||
64 -сап: | 65 -сап: | ||
1949-жылы Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын бир көчөсүнө Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган. | 1949-жылы Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын бир көчөсүнө Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган. | ||
Бишкек шаарындагы М. Баетовдун жашаган үйүнө мемориалдык | Бишкек шаарындагы М. Баетовдун жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган. | ||
1949-жылы сүрөтчү Гапар Айтиев «Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун портретин» жараткан, ал азыр Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат. | 1949-жылы сүрөтчү Гапар Айтиев «Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун портретин» жараткан, ал азыр Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат. | ||
73 -сап: | 74 -сап: | ||
Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган. | Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
11:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
БАЕТОВ Муса (10. 11. 1902-жыл, Түркстан, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Байгөнчөк айылы (азыркы Нарын облусу, Ак-Талаа району, Муса Баетов айылы) – 9. 5. 1949-жыл, Фрунзе шаары) – ырчы (тенор), композитор-обончу. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939).
Муса Баетов тоо арасындагы айылда төрөлүп, комуз чертип, ыр ырдап жүрүп, кыргыз жергесине европалык искусство жайылып кирип келгенде, тенор үндүү опералык ырчы жана композитор деңгээлине көтөрүлүп жеткен. Ал таланттуу обончу да болгон. Алгачкы обондору («Даанышман», «Ойгоном») элдик ырлардын рухунда жаралса, кийинки чыгарган обондорунан («Эр Панфилов», «Майданга чыкты маршалдар», «Бакыт», «Туткун ыры» жана башкалар) анын чыгармачылыгына профессионал музыканын таасири тийгени байкалат. Муса Баетов элдик салттарга таянган чыгармачылыгында кыргыздын элдик ырчыларынын аткаруучулук өзгөчөлүктөрүн сактап калган, ошондой эле кайрыктарында мукамдуулук, форматтын молдугу, лирикалык жылуулугу өзгөчө болгон. Ал комузда, домбурада, гармондо эркин ойноп, ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткара билген. Музоокенин «Муңдуу күү», «Керме тоо», «Сары өзөн», «Коңур жаз» жана элдик «Татты ботой Зулайка», «Муңдуу ботой», «Сердимак», «Эки ногойдун айрылышы» аттуу комуз күүлөрүн черткен. Кыргыздын музыкалык фольклорун жакшы билгендиктен, музыка жыйноочулар А. В. Затаевичке, В. С. Виноградовго элдик обондор жөнүндө маалымат берген.
«Сарт калмак», «Кургур ай», «Ох-хой», «Ак-Сайдын күйгөнү», Боогачынын «Үкөй», Эсенаалынын «Ой тобо», Токтогулдун «Кербезим», «Келгендеги кербезим», Атайдын «Ой булбул» жана башка элдик жана автордук ырларды зор чеберчиликте аткарган. «Даанышман», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Кыздар, ай», «Окудуң борбор шаарынан», «Сагынам» деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына айланган.
Өмүрү жана чыгармачылыгы
Муса Баетовдун атасынын өнөрүн улап эжеси Үрпүкан, агасы Чодолой кара күүлөрдү да, айтым күүлөрдү да, обондорду да комуз менен келиштире черткен комузчу болушкан. Ошол өнөр Мусага да өтүп, жашынан комузду колго алып, элдик ырларды созолонто ырдап чоңойгон. Он жашынан тартып кыргыздын элдик майрамдарында ырларды аткара баштаган.
1916-жылкы үркүндө 14 жаштагы Муса Баетов да Кытайдын Кашкар жергесине чейин барган, 1917-жылы Октябрь революциясы жеңгенден кийин кайра мекенине кайтып келген. 1924-жылы Калык Акыев менен жолуккан. Калык ырчы жалпы Нарындык, Кетмен-Төбөлүк жана Таластык өнөрпоздордун ортосунда жүрүп, алардын ырдоо, күү чертүү, дастанчылык, айтышуу салттарын мыкты өздөштүргөн акын болгондуктан, ал маданиятын Муса Баетовго да үйрөтүп турган, баарынан да Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы менен кеңири тааныштырган. Кыргыз өкмөтү жер-жерлердеги басма сөз иштерин, радио уктурууларды активдештире баштаганда, педагогикалык техникумду бүткөн билимдүү, ырларды, пьесаларды жазып жүргөн Кубанычбек Маликов Нарын шаарына гезит чыгарууга жиберилет. Ал иш сапары менен жүрүп, Ак-Талаа районунан Муса Баетовго жолугуп, ырчынын мукам үнүн угуп, өзгөчө анын сөзүн да өзү жазып, обонун да өзү чыгарган ырларына кызыгат. Нарын шаарына ишке чакырып, билимине карабай райондук кесипчилер кошуунунун төрагасы кызматын берет. Ошондой эле шаарга «Муса Баетовдун концерти» деген афишаны илдирип, эч ким тааный элек Мусанын концерттик кечесин өткөргөн. Концерт аншлаг менен өтүп, ар жума сайын улантылып турган.
1931–1934-жылдары Нарын шаардык радиосунда, 1936-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1942-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштеп «Сары-Ой», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Жароокер», «Акзыйнат» аттуу ырларын аткарган.
1946–1947-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеп, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган «Манас» операсындагы Алмамбет менен Сыргактын, «Айчүрөктө» Күлчоронун партияларын ырдаган.
Байсалдуу чыгармачылык ишмердиги 1934-жылы Кыргыз музыкалык драма театрынан башталган. Аны Коммунисттик партиянын Ат-Башы райондук комитетинин биринчи секретары Акматбек Жумабаев Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына сынакка алып келген. Ал учур тууралуу төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев мындай деген: «Комиссия мүчөлөрү отурган бөлмөгө кирдим. Ортого коюлган отургучка жазы маңдай, кызыл жүздүү, жапалдаш бойлуу жаш жигит келип отурду. Комузун колго алып «Жароокерди» ырдады. Мусанын мукамдуу кооз үнү отургандарды дароо арбап, өзүнө тартып алды. Анан сезимибизди козгоп, жүрөгүбүздүн терең жерине жетип, жаш жигиттин сүйүүгө болгон кусалыгы, жароокер сүйгөнүн күнү-түнү эстеп сагынганын отургандарга элестетти. Бөлмөнүн ичи жымжырт. Бир гана Мусанын ажайып үнү бирде жаңырып, бирде салмактуу угулат. Муса кыяк (гармонь) менен да ырдады. Комиссиянын мүчөлөрү Мусаны театрга кабыл алууга бир добуштан чечим чыгарышты».
1939-жылы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын Москва шаарында өткөн декадасында «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген. 1944-жылы Орто Азия жана Казакстан ырчыларынын сынагына катышып, баш байгеге ээ болгон.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
· Алма алам», сөзү М. Баетовдуку
· «Арпанын Ала-Тоосунан», сөзү М. Баетовдуку
· «Бир башыңа тең болсом», сөзү К. Маликовдуку
· «Даанышман», сөзү элдики
· «Кыздар ай», сөзү М. Токобаевдики
· «Кызыл баатырларга», сөзү М. Баетовдуку
· «Окудуң борбор шаарынан», сөзү М. Баетовдуку
· «Сагынам», сөзү М. Баетовдуку
· «Бакыт», сөзү К. Акиевдики, жана башкалар
Дисктери
· «Арпанын Ала-Тоосунан» – А. Жумабаев, Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035845-46 005
· «Октябрь өлкөсүндө» (С. Жусуев), Кызыл баатырларга
· «Даанышман»
· «Кыздар ай»
· «Окудуң борбор шаарынан»
· «Сагынам»
· «Алма алам»
· «Туткун ыры» (Т. Сатылганов) – М. Баетов, Кыргыз ырларынын МОНО М 3035851 52 005.
Чыгармачылыгынын бийиктиги
Токтогул Сатылгановдун сүргүн ырларын негиз кылып "Айланган тоонун бүркүтү" аттуу трегедиялуу, социалдык-саясий мааниси курч обонун чыгарган. Бул чыгарманы композитор В. Власов комуз кошулган симфониялык оркестрге ылайыктап иштеп чыгып, аны Муса Баетов ырдаган. Бул чыгарма башка ырчылардын да репертуарына кирип, радионун алтын казынасына жазылып алынган.
1949-жылы Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын бир көчөсүнө Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган.
Бишкек шаарындагы М. Баетовдун жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
1949-жылы сүрөтчү Гапар Айтиев «Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун портретин» жараткан, ал азыр Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталып турат.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борборуна (1981), Нарын маданият үйүнө, Ак-Талаанын Үгүт айылындагы мектепке, Балыкчы шаарындагы көчөгө да М. Баетовдун ысымы ыйгарылган.
2002-жылы туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Арпанын Ала-Тоосунан» (түзгөн Б. Алагушов) аттуу обондуу ырларынын жыйнагы жарык көргөн.
Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев таланттуу ырчы тууралуу "Булбул көмөкөй" деп аталган повестин жазган.