Difference between revisions of "АБДУЛ-ХАМИД"
м (→top: clean up) |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБДУЛ-ХАМИД''', түрк. ''İkinci Abdülhamit'' (21. 9. 1842, ''Осмон империясы'', Константинополь [түрк. Konstantiniyye] – 10. 2. 1918, Бейлербейи, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); 99-халиф, империянын акыркы башкаруучусу, султан ''Абдул Межид I''нин (1823–1861) экинчи уулу. Такта отурганына үч ай болгон бир тууган агасы Мурад Vге «Жаңы осмондор» кыймылынын жетекчилери «акылынан айныды» деген айып коюп, 1876-жылы 29-августа камакка алышкан. Конституцияны жарыялоого жана парламентке шайлоолорду өткөрүүгө убада бергенден кийин анын ордуна 31-августта такка Абдул-Хамидди отургузушкан. Алгач ал берген убадаларын аткарууга киришкен, бирок 1876–78-жылдары орус-түрк согушунун кыйынчылыктарына байланыштуу парламентти тараткан жана 1876-жылы конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. Абдул-Хамид майда улуттардын жана дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мисалы, армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, анын ичинде чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири боюнча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, ошондой эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга аракет кылган. Абдул-Хамид мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, ошол доордогу өтө күчтүү жана чебер саясатчы катары белгилүү. Германиянын кайзери Вильгельм II менен өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-жылы герман-түрк соода келишими түзүлгөн жана немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-жылы аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү жана парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-жылы 24-июлда Абдул-Хамид бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-жыды 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары Абдул-Хамиддин макулдугу менен Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан Абдул-Хамидди бийликтен четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган. | |||
Ад.: Alan W. Palmer. Osmanlı İmparatorluğu: son üç yüz yıl: bir çöküşün yeni tarihi. Sabah Kitapları, 1993.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
16:29, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АБДУЛ-ХАМИД, түрк. İkinci Abdülhamit (21. 9. 1842, Осмон империясы, Константинополь [түрк. Konstantiniyye] – 10. 2. 1918, Бейлербейи, сөөгү Стамбулдагы Мехмед IIнин мавзолейине коюлган) – Осмон империясынын султаны (1876–1909); 99-халиф, империянын акыркы башкаруучусу, султан Абдул Межид Iнин (1823–1861) экинчи уулу. Такта отурганына үч ай болгон бир тууган агасы Мурад Vге «Жаңы осмондор» кыймылынын жетекчилери «акылынан айныды» деген айып коюп, 1876-жылы 29-августа камакка алышкан. Конституцияны жарыялоого жана парламентке шайлоолорду өткөрүүгө убада бергенден кийин анын ордуна 31-августта такка Абдул-Хамидди отургузушкан. Алгач ал берген убадаларын аткарууга киришкен, бирок 1876–78-жылдары орус-түрк согушунун кыйынчылыктарына байланыштуу парламентти тараткан жана 1876-жылы конституциялык иш-аракеттерди токтоткон. Замандаштары анын башкаруу мезгилин «зулум доор» деп аташкан. Абдул-Хамид майда улуттардын жана дин өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыгын сактоого умтулган кыймылдарын аёосуз баскан. Мисалы, армян улуттук уюмдарынын өз элинин укуктарын сактоого умтулган иш-аракеттерине жооп кылып, бийлик тарабынан Сасун, Стамбул ж. б. шаарларда талоондор уюштурулган. Саясатта панисламизм доктринасын колдонуп, бардык мусулмандарды, анын ичинде чет жерликтерди да бириктирүүнү көздөгөн. Анын пикири боюнча, бул иш-чаралар империянын бүлүнүүсүн токтотуп, ошондой эле дүйнөдөгү улуу державалардын диктатына каршы турууга аракет кылган. Абдул-Хамид мамлекеттин бирдиктүүлүгүн сактоого күч жумшап, ошол доордогу өтө күчтүү жана чебер саясатчы катары белгилүү. Германиянын кайзери Вильгельм II менен өз ара мамиле түзүшүнүн натыйжасында 1890-жылы герман-түрк соода келишими түзүлгөн жана немец банкына Багдад темир жолун курууга концессия берилген. 1890-жылдын аяк ченинен оппозициянын өкүлдөрү, жаш түрктөр кыймылынын нааразылык көрсөтүүлөрү күчөп, 1908-жылы аскердик бөлүктөрдө алардын таасири алдында конституциялык тартипти калыбына келтирүүнү жана парламент чакырууну талап кылган массалык чыгуулар башталган. 1908-жылы 24-июлда Абдул-Хамид бул шарттарды аткарууга аргасыз болот. 1909-жыды 13-апрелде жаш түрктөрдүн каршылаштары Абдул-Хамиддин макулдугу менен Стамбул гарнизонунда аскерлердин козголоңун баштаган. Эки жумадан кийин алардын козголоңу басылып, 27-апрелде парламент тарабынан Абдул-Хамидди бийликтен четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Ад.: Alan W. Palmer. Osmanlı İmparatorluğu: son üç yüz yıl: bir çöküşün yeni tarihi. Sabah Kitapları, 1993.