Difference between revisions of "АХУНБАЕВ Мустафа Исаевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АХУНБАЕВ Мустафа Исаевич''' (12. 3. 1935-жыл, Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы ‒ 17. 7. 2017-жыл, Бишкек шаары) ‒ ырчы, режиссёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1975). А. Малдыбаев атындагы сыйлыгынын лауреаты (1988).1961-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн.
'''АХУНБАЕВ Мустафа Исаевич''' (12. 3. 1935-жыл, Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы ‒ 17. 7. 2017-жыл, Бишкек шаары) ‒ ырчы, режиссёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1975). А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1988).1961-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн.
[[File:АХУНБАЕВ71.png | thumb|none]]
[[File:АХУНБАЕВ71.png | thumb|none]]
1961‒1969-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында ырчы. 1969-жылы Ленинград шаарындагы Н.Римский-Корсаков атындагы мамлекеттик консерваториянын опера режиссёру классын бүтүргөн. Окуп жүргөндө эле Киров атындагы опера жана балет театрында режиссёр-ассистент катары «Садко» операсын коюуга, «Ленфильмде» экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм фильмин тартууга катышкан. 1969‒1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюучу-режиссёр, 1970‒1971-жылдары «Кыргызтелефильмде», 1971‒1975-жылдары СССРдин ГАБТта жана Кремлдеги съезддер дворецинде режиссёр болуп эмгектенген. ГАБТтын башкы режиссёру, Б. А. Покровский менен экинчи режиссёр катары «Руслан менен Людмила» операсын койгон. 1975‒2002-жылдары Кыргыз улуттук опера жана балет театрында башкы режиссёр болуп иштеген. 25 опера, «Ала-Тоо жазы» фестивалынын концерттерин койгон. 1984‒1993-жылдары театрда иштөө менен бирге Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда профессор (1988). Театр жамааты менен чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. «Өлбөстүк», «Саманчы жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл союздук конкурста биринчи даражадагы диплом жана бир нече медалдар менен сыйланган.
''Б. Алагушов.''
1961‒1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында ырчы болуп иштеген. 1969-жылы Ленинград шаарындагы Н.Римский-Корсаков атындагы мамлекеттик консерваториянын опера режиссёру классын бүтүргөн. Окуп жүргөндө эле Киров атындагы опера жана балет театрында режиссёр-ассистент катары «Садко» операсын коюуга, «Ленфильмде» экинчи режиссёр жана актёр катары А. Бородиндин «Князь Игорь» көркөм тасмасын тартууга катышкан. 1969‒1970-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюучу-режиссёр, 1970‒1971-жылдары «Кыргызтелефильмде», 1971‒1975-жылдары СССРдин Мамлекеттик академиялык чоң театрында (ГАБТ) жана Кремлдеги съезддер дворецинде режиссёр болуп эмгектенген. Мамлекеттик академиялык чоң театрдын (ГАБТ) башкы режиссёру Б. А. Покровский менен экинчи режиссёр катары «Руслан менен Людмила» операсын койгон. 1975‒2002-жылдары Кыргыз улуттук опера жана балет театрында башкы режиссёр болуп иштеген. 25 опера, «Ала-Тоо жазы» фестивалынын концерттерин койгон. 1984‒1993-жылдары театрда иштөө менен бирге Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында профессор (1988) катары эмгектенген. Театр жамааты менен чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. «Өлбөстүк», «Саманчы жолу», «Тынч Дон», «Петр I» аттуу спектаклдерди мыкты койгондугу үчүн Бүткүл союздук конкурста биринчи даражадагы диплом жана бир нече медалдар менен сыйланган.
''Б. Алагушов.''
[[Категория:1-Том]]

10:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АХУНБАЕВ Мустафа Исаевич (12. 3. 1935-жыл, Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы ‒ 17. 7. 2017-жыл, Бишкек шаары) ‒ ырчы, режиссёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992), Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1975). А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1988).1961-жылы Москва шаарындагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын ырдоо классын бүтүргөн.

АХУНБАЕВ71.png

Б. Алагушов.