Difference between revisions of "АРАБ МАДАНИЯТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АРАБ МАДАНИЯТЫ–''' 7–10-кылымдарда Араб халифатында арабдардын жана алар жеңип алган Чы­гыш менен Батыштын, Түндүк Африка менен Түштүк Батыш Европанын элдеринин маданий карым-катнаштарынын негизинде түзүлгөн маданият. Алгачкы адабиятта шарттуу түрдө мусулман же араб маданияты, кийин аны «Чыгыш Ренессансы» деп да аташат. Анын өнүгүүсүнө, айрыкча Орто Азия, Иран, Закавказье элдери, ошондой эле сириялык христиандар, иудейлер жана башкалар салым кошушкан. 8–9-кылымдарда араб тилине байыркы Мисир, Грек, Римдин илимий жана адабий көп эстеликтери которулган. 9–10-кылымдарда Араб маданиятынын гүлдөп-өнүгүүсү өзүнүн жогорку чегине жеткен жана дүйнөлүк маданияттын ургалдуу өнүгүшүнө эбегейсиз зор таасир көрсөткөн. Араб маданияты эки чоң багытта: табият таануу жана коомдук гуманитардык илимдерди камтуу менен өнүккөн. Анын мүнөздүү белгиси – бул улуу маданиятты жараткан аалымдар илим-билимдин көптөгөн тармактарын терең өздөштүрүшкөн энциклопедиялык масштабдагы залкар окумуштуулар болушканында. Көп учурда алар философия, тарых, медицина, математика, физика, биология тармактарын өздөштүрүү менен акын-жазуучу, адабиятчы жана тилчи да болушкан. Ошол доорлордун улуу даанышмандары – Жами, Ибн Сина, Фараби, Беруни, Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари жана башка сыяктуу алп ойчулдары дүйнөлүк маданиятты укмуштуудай бийиктикке алып чыгышты. Араб тили дүйнөлүк илим-билимдин тилине айланып, не бир керемет рухий дөөлөттөрдү түзүп, ошондон азыркы күнгө чейин адамзат акыл-эсинин сыйкырдуу касиети болуп келүүдө. Мисалы: алкоголь, алгебра, азимут, та­риф, адмирал сыяктуу сөздөр европа элдеринин тилинде, ал эми адабият, мададаният, китеп, мектеп,  калем, дептер жана башка араб сөздөрү түрк тилинде сүйлөгөн элдерде кызмат кылууда. Араб жазуусу кыргыздарга орто кылымдардагы Караханиддердин доорунан (960-жылдан) белгилүү. Улуу жердешибиз Жусуп Баласагын «Куттуу билим» (1069) аттуу эмгегин араб тамгасы менен жарат­кан. Кыргыздар бул жазууну Совет доорунун алгачкы мезгилинде да колдонушкан. Араб тилиндеги же араб тамгасын пайдаланып жазылган тарыхый булактар Орто Азия элдеринин өткөн доордогу жашаган жерлери, тиричилиги, турмушу, салты, үрп-адатынан кабар берет. Мисалы: Абу Дулаф, Идрисинин, Истахринин жана башка та­рыхый географияга тиешелүү эмгектеринде кыргыздардын өткөндөгү коому, маданий турмушу тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

==Табият илими==
==Табият илими==
Албетте, Араб менен анын аалымдары байыркы грек окумуштууларынын (мисалы: Птоломей, Архимед, Евклид жана башка) эмгектерин араб тилине которушуп, аларды кеңи­ри өздөштүрүшкөн. Чыгышта пайда болгон ком­пас, кагаз, ок-дары жана башка илимий ачылыштар араб­дар аркылуу Европага тараган. Арабдардын аст­рономия жаатындагы илимий ачылыштары Европа астрономиясынын негизин түзгөн. Көптөгөн жылдыздардын аталыштары, илимий жана маданий терминдер ушул күнгө чейин араб тилиндеги варианты менен колдонулуп келүүдө. 827-жылы араб аалымдары тарабынан Жердин көлөмүн аныктоо максатында меридиан градустары эсептелип чыккан. 9–11-кылымдарда халифаттагы илимдин дүркүрөп өскөн мезгили. Багдадда көп сандаган мектеп жана китепканалар ачылып, шаар дүйнөнүн ири илимий борборунун бирине айланган. Бул калаада жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүк жана зор аймакты камтыган соода менен бир катарда математика, астрономия, география илимде­ри дүркүрөп өнүккөн. 11-кылымдын акырында чы­гыш акыны жана окумуштуусу Омар Хайям Бу­хара, Исфакан обсерваториясында иштеген. Ал илимий эмгектерин араб тилинде жазган. Араб математиктеринин алгебра илимин түзүүдө ролу чоң. Асман телолорунун кыймылынын моделин түзүү, асман сферасында жарык чыгаруучулардын координаттарын аныктоо жолу жана башка араб астрономдоруна таандык. Орто Азиялык окумуштуу Абу Рейхан Бируни европалыктардан мурда эле биринчилерден болуп, жердин шар түрүндө экендигин, Жер Күндүн айланасында жана өз огунда тегеренип тургандыгын далилдеген. Абу Али ли ''ибн Сина'' көп ооруларды биринчи жолу илимий сыпаттап жазып, аларды эмне менен, кандайча дарылоо жолдорун, ыкмаларын өз заманына ылайык так көрсөткөн. Маалыматынын арбындыгы жана чыгармаларынын көптүгү жагынан араб географиясы орто кылымдарда алда канча алдыда турган. Араб географтары жана саякатчылары бүтүндөй Чыгыш мусулманы, ошондой эле Европа, Африка жана Азиянын көптөгөн өлкөлөрү жөнүндө маалыматтарды жазып калтырышкан. Айрыкча соода жолдорун жана мусулман аймактарын баяндаган эмгектер географиялык, маданий-тарыхый маалыматтарга бай. 11–14-кылымдарда мурда топтолгон географиялык сөздүк жанры жана ааламдын жалпы сүрөттөмөсү (космография) пайда болгон.''

==Коомдук илимдер==
==Коомдук илимдер==
Философияны өнүктүрүүдө, айрыкча грек окумуштуусу Аристотелдин (Чыгышта аны Аристу дешкен) философиялык ой жүгүртүүлөрү, тыянактары жана божомолдоолору кенен жайылган, окуп үйрөнүлгөн. Аристотелдин илимий мурасын калк арасына жайылтууда Абу Наср ''аль-Фараби'' чоң роль ойногон. Ал биринчи болуп Аристотелдин философиялык эмгектерине түшүндүрмө (комментарий) жазган. Тарых илимин өнүктүрүүдө да чоң ийгиликтер болгон. Көрүнүктүү тарыхчы аз-Зухра, араб халифатынын тарыхын жазган ''Мукаддаси, Абу Дулаф, Истахри,'' Абу Рейхан ''Беруни'' өз эмгектеринде Караханиддер мамлекети, кыргыз аймагы, кыргыздар жөнхндө да баалуу маалыматтарды калтырган. Арабдардын оозеки көркөм чыгармачылыгында башка элдердин таасири анчалык эмес. Арабдар жарым көчмөн дыйканчылык менен жашагандыктан, оор турмушту чагылдырган эмгек, бешик, көч жана башка мазмундагы элдик поэзия өнүккөн. Сирия жана Ирак араб поэзиясынын борбору болуп калган. Бул аймактан ал-Ахраль, ал-Жарир, ал-Фараздак сыяктуу көрүнүктүү акындар чыккан. Ойчул Башшар ибн Бурд (783-жылы каза болгон) фольклордук чыгармаларды чогулткан, аларды сирия, грек тилдерине которуп, араб поэзиясын өркүндөткөн. Араб прозасынын бийик дүйнөлүк үлгүсү катары «Миң бир түн» чыгармасы бүт дүйнө элдерине кеңири белгилүү. Рухий турмуш, жашоо, өмүр маңызы жөнүндөгү ой толгоо, айрым диний тыянактар туу­ралуу «Куран» китеби көп маалымат берет.

==Архитектура жана сүрөт өнөрү==
==Архитектура жана сүрөт өнөрү==
Архитектура иши өркүндөтүлүп, шаарлар, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мектептер, мунаралар салынып, ири шаарлар Рабат, Мар­ракеш, Фуста, Гранададагы Аль-Гамбра кооз сарайы курулган. Сүрөт искусствосу 10–12-кылымдарда, айрыкча Египетте өркүндөгөн. Ислам дини адамдар жана жаныбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салган. Ошол себептүү имараттарды кооздоодо түркүн-түстүү оймо-чиймелер, геометриялык ажайып түспөлдөр, көркөм-сүрөт өнөрүнүн арабеска деп аталган түрүн түзгөн. Меккедеги Кааба, Иерусалимдеги ал-Акса (1969-жылы Израиль фанаттары тарабынан өрттөлгөн), Дамаскидеги Бани Омейя, Египеттеги ибн Тулун, ал-Азхар, ал Хаким мечиттери жогорудагыдай ыкма менен кооздолгон. 15-кылымда ал-Азхар мечитинде ачылган китепканада араб маданияты менен тарыхына байланыштуу 60 миңден ашуун китеп жана 15 миндей кол жазма сакталган. Бул мезгилде мечиттер менен катар кербен-сарайлар, мончолор, ошондой эле турак жайлар салынган. Ислам дини ыр-бийге тыюу салган деген түшүнүк калыптанганына карабастан, калаалар, өзгөчө Дамаск шаары аалымдар менен акындардын, сүрөтчүлөрдүн жана башка түрдүү өнөрпоздордун топтошкон жери болгон, ар кайсы аймактардан өнөр издегендер, негизинен Дамаскиге келишкен. Алардын бири «кичинекей тотукуш» деген ат менен белгилүү болгон ырчы, ком­позитор Иса бин Абдаллах алгачкы эмгектерин ушул Дамаскиден жараткан. Айрыкча вокалдык-аспаптык жанр кеңири тараган, мында башкы роль ырчыга таандык болгон. Араб музыкасы Испания, Португалиянын музыкалык өнөрүнө, ай­рым европалыктардын музыкалык аспаптарынын трансформацияланышына таасир эткен. Ошол мезгилде Ал-Кинди, ал-Исфахани, ал-Фараби, ибн Сина сыяктуу орошон аалымдар музыка тууралуу трактаттарын араб тилинде жазышкан. 11-кылымдын аяк ченинде Араб халифатынын начарлай башташы, селжуктар менен кресттүүлөргө каршы күрөш, 13-кылымдагы монгол чапкыны, 16-кылымдын башындагы түрктөргө, 20-кылымдын башында европалыктардын оторчул саясатына каршы күрөштөр Араб өлкөсүнүн андан аркы өнүгүшүнө тоскоол болгон. Бирок убагында гүлдөп-өнүккөн араб маданияты Батыш менен Чыгышка өзүнүн өчпөс изин калтырган.

Ад.: ''Мец'' А. Мусульманский Ренессанс. М., 1996; Гибб X. А. Арабская литература. Классический    пе­риод. М., 1960.
''3. Эралиев.''

[[Категория:1-Том]]

10:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АРАБ МАДАНИЯТЫ– 7–10-кылымдарда Араб халифатында арабдардын жана алар жеңип алган Чы­гыш менен Батыштын, Түндүк Африка менен Түштүк Батыш Европанын элдеринин маданий карым-катнаштарынын негизинде түзүлгөн маданият. Алгачкы адабиятта шарттуу түрдө мусулман же араб маданияты, кийин аны «Чыгыш Ренессансы» деп да аташат. Анын өнүгүүсүнө, айрыкча Орто Азия, Иран, Закавказье элдери, ошондой эле сириялык христиандар, иудейлер жана башкалар салым кошушкан. 8–9-кылымдарда араб тилине байыркы Мисир, Грек, Римдин илимий жана адабий көп эстеликтери которулган. 9–10-кылымдарда Араб маданиятынын гүлдөп-өнүгүүсү өзүнүн жогорку чегине жеткен жана дүйнөлүк маданияттын ургалдуу өнүгүшүнө эбегейсиз зор таасир көрсөткөн. Араб маданияты эки чоң багытта: табият таануу жана коомдук гуманитардык илимдерди камтуу менен өнүккөн. Анын мүнөздүү белгиси – бул улуу маданиятты жараткан аалымдар илим-билимдин көптөгөн тармактарын терең өздөштүрүшкөн энциклопедиялык масштабдагы залкар окумуштуулар болушканында. Көп учурда алар философия, тарых, медицина, математика, физика, биология тармактарын өздөштүрүү менен акын-жазуучу, адабиятчы жана тилчи да болушкан. Ошол доорлордун улуу даанышмандары – Жами, Ибн Сина, Фараби, Беруни, Жусуп Баласагун, Махмуд Кашгари жана башка сыяктуу алп ойчулдары дүйнөлүк маданиятты укмуштуудай бийиктикке алып чыгышты. Араб тили дүйнөлүк илим-билимдин тилине айланып, не бир керемет рухий дөөлөттөрдү түзүп, ошондон азыркы күнгө чейин адамзат акыл-эсинин сыйкырдуу касиети болуп келүүдө. Мисалы: алкоголь, алгебра, азимут, та­риф, адмирал сыяктуу сөздөр европа элдеринин тилинде, ал эми адабият, мададаният, китеп, мектеп, калем, дептер жана башка араб сөздөрү түрк тилинде сүйлөгөн элдерде кызмат кылууда. Араб жазуусу кыргыздарга орто кылымдардагы Караханиддердин доорунан (960-жылдан) белгилүү. Улуу жердешибиз Жусуп Баласагын «Куттуу билим» (1069) аттуу эмгегин араб тамгасы менен жарат­кан. Кыргыздар бул жазууну Совет доорунун алгачкы мезгилинде да колдонушкан. Араб тилиндеги же араб тамгасын пайдаланып жазылган тарыхый булактар Орто Азия элдеринин өткөн доордогу жашаган жерлери, тиричилиги, турмушу, салты, үрп-адатынан кабар берет. Мисалы: Абу Дулаф, Идрисинин, Истахринин жана башка та­рыхый географияга тиешелүү эмгектеринде кыргыздардын өткөндөгү коому, маданий турмушу тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Табият илими

Албетте, Араб менен анын аалымдары байыркы грек окумуштууларынын (мисалы: Птоломей, Архимед, Евклид жана башка) эмгектерин араб тилине которушуп, аларды кеңи­ри өздөштүрүшкөн. Чыгышта пайда болгон ком­пас, кагаз, ок-дары жана башка илимий ачылыштар араб­дар аркылуу Европага тараган. Арабдардын аст­рономия жаатындагы илимий ачылыштары Европа астрономиясынын негизин түзгөн. Көптөгөн жылдыздардын аталыштары, илимий жана маданий терминдер ушул күнгө чейин араб тилиндеги варианты менен колдонулуп келүүдө. 827-жылы араб аалымдары тарабынан Жердин көлөмүн аныктоо максатында меридиан градустары эсептелип чыккан. 9–11-кылымдарда халифаттагы илимдин дүркүрөп өскөн мезгили. Багдадда көп сандаган мектеп жана китепканалар ачылып, шаар дүйнөнүн ири илимий борборунун бирине айланган. Бул калаада жогорку чеберчиликтеги кол өнөрчүлүк жана зор аймакты камтыган соода менен бир катарда математика, астрономия, география илимде­ри дүркүрөп өнүккөн. 11-кылымдын акырында чы­гыш акыны жана окумуштуусу Омар Хайям Бу­хара, Исфакан обсерваториясында иштеген. Ал илимий эмгектерин араб тилинде жазган. Араб математиктеринин алгебра илимин түзүүдө ролу чоң. Асман телолорунун кыймылынын моделин түзүү, асман сферасында жарык чыгаруучулардын координаттарын аныктоо жолу жана башка араб астрономдоруна таандык. Орто Азиялык окумуштуу Абу Рейхан Бируни европалыктардан мурда эле биринчилерден болуп, жердин шар түрүндө экендигин, Жер Күндүн айланасында жана өз огунда тегеренип тургандыгын далилдеген. Абу Али ли ибн Сина көп ооруларды биринчи жолу илимий сыпаттап жазып, аларды эмне менен, кандайча дарылоо жолдорун, ыкмаларын өз заманына ылайык так көрсөткөн. Маалыматынын арбындыгы жана чыгармаларынын көптүгү жагынан араб географиясы орто кылымдарда алда канча алдыда турган. Араб географтары жана саякатчылары бүтүндөй Чыгыш мусулманы, ошондой эле Европа, Африка жана Азиянын көптөгөн өлкөлөрү жөнүндө маалыматтарды жазып калтырышкан. Айрыкча соода жолдорун жана мусулман аймактарын баяндаган эмгектер географиялык, маданий-тарыхый маалыматтарга бай. 11–14-кылымдарда мурда топтолгон географиялык сөздүк жанры жана ааламдын жалпы сүрөттөмөсү (космография) пайда болгон.

Коомдук илимдер

Философияны өнүктүрүүдө, айрыкча грек окумуштуусу Аристотелдин (Чыгышта аны Аристу дешкен) философиялык ой жүгүртүүлөрү, тыянактары жана божомолдоолору кенен жайылган, окуп үйрөнүлгөн. Аристотелдин илимий мурасын калк арасына жайылтууда Абу Наср аль-Фараби чоң роль ойногон. Ал биринчи болуп Аристотелдин философиялык эмгектерине түшүндүрмө (комментарий) жазган. Тарых илимин өнүктүрүүдө да чоң ийгиликтер болгон. Көрүнүктүү тарыхчы аз-Зухра, араб халифатынын тарыхын жазган Мукаддаси, Абу Дулаф, Истахри, Абу Рейхан Беруни өз эмгектеринде Караханиддер мамлекети, кыргыз аймагы, кыргыздар жөнхндө да баалуу маалыматтарды калтырган. Арабдардын оозеки көркөм чыгармачылыгында башка элдердин таасири анчалык эмес. Арабдар жарым көчмөн дыйканчылык менен жашагандыктан, оор турмушту чагылдырган эмгек, бешик, көч жана башка мазмундагы элдик поэзия өнүккөн. Сирия жана Ирак араб поэзиясынын борбору болуп калган. Бул аймактан ал-Ахраль, ал-Жарир, ал-Фараздак сыяктуу көрүнүктүү акындар чыккан. Ойчул Башшар ибн Бурд (783-жылы каза болгон) фольклордук чыгармаларды чогулткан, аларды сирия, грек тилдерине которуп, араб поэзиясын өркүндөткөн. Араб прозасынын бийик дүйнөлүк үлгүсү катары «Миң бир түн» чыгармасы бүт дүйнө элдерине кеңири белгилүү. Рухий турмуш, жашоо, өмүр маңызы жөнүндөгү ой толгоо, айрым диний тыянактар туу­ралуу «Куран» китеби көп маалымат берет.

Архитектура жана сүрөт өнөрү

Архитектура иши өркүндөтүлүп, шаарлар, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мектептер, мунаралар салынып, ири шаарлар Рабат, Мар­ракеш, Фуста, Гранададагы Аль-Гамбра кооз сарайы курулган. Сүрөт искусствосу 10–12-кылымдарда, айрыкча Египетте өркүндөгөн. Ислам дини адамдар жана жаныбарлардын сүрөтүн тартууга тыюу салган. Ошол себептүү имараттарды кооздоодо түркүн-түстүү оймо-чиймелер, геометриялык ажайып түспөлдөр, көркөм-сүрөт өнөрүнүн арабеска деп аталган түрүн түзгөн. Меккедеги Кааба, Иерусалимдеги ал-Акса (1969-жылы Израиль фанаттары тарабынан өрттөлгөн), Дамаскидеги Бани Омейя, Египеттеги ибн Тулун, ал-Азхар, ал Хаким мечиттери жогорудагыдай ыкма менен кооздолгон. 15-кылымда ал-Азхар мечитинде ачылган китепканада араб маданияты менен тарыхына байланыштуу 60 миңден ашуун китеп жана 15 миндей кол жазма сакталган. Бул мезгилде мечиттер менен катар кербен-сарайлар, мончолор, ошондой эле турак жайлар салынган. Ислам дини ыр-бийге тыюу салган деген түшүнүк калыптанганына карабастан, калаалар, өзгөчө Дамаск шаары аалымдар менен акындардын, сүрөтчүлөрдүн жана башка түрдүү өнөрпоздордун топтошкон жери болгон, ар кайсы аймактардан өнөр издегендер, негизинен Дамаскиге келишкен. Алардын бири «кичинекей тотукуш» деген ат менен белгилүү болгон ырчы, ком­позитор Иса бин Абдаллах алгачкы эмгектерин ушул Дамаскиден жараткан. Айрыкча вокалдык-аспаптык жанр кеңири тараган, мында башкы роль ырчыга таандык болгон. Араб музыкасы Испания, Португалиянын музыкалык өнөрүнө, ай­рым европалыктардын музыкалык аспаптарынын трансформацияланышына таасир эткен. Ошол мезгилде Ал-Кинди, ал-Исфахани, ал-Фараби, ибн Сина сыяктуу орошон аалымдар музыка тууралуу трактаттарын араб тилинде жазышкан. 11-кылымдын аяк ченинде Араб халифатынын начарлай башташы, селжуктар менен кресттүүлөргө каршы күрөш, 13-кылымдагы монгол чапкыны, 16-кылымдын башындагы түрктөргө, 20-кылымдын башында европалыктардын оторчул саясатына каршы күрөштөр Араб өлкөсүнүн андан аркы өнүгүшүнө тоскоол болгон. Бирок убагында гүлдөп-өнүккөн араб маданияты Батыш менен Чыгышка өзүнүн өчпөс изин калтырган.

Ад.: Мец А. Мусульманский Ренессанс. М., 1996; Гибб X. А. Арабская литература. Классический пе­риод. М., 1960.
3. Эралиев.