Difference between revisions of "АВТОТОМИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
м (→‎top: категория кошуу)
 
(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(''авто''… ж-а гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «А» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). А. омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мис., актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда А. органдын белгилүү бир жеринде болот. Мис., кескелдириктин А-сын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.
'''АВТОТОМИЯ''' (''авто''… <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «Автотомия» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). Автотомия омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мисалы, актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда Автотомия органдын белгилүү бир жеринде болот. Мисалы, кескелдириктин Автотомиясын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.
[[Категория:1-Том]]

08:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВТОТОМИЯ (автожана гр. tome ‒ кесүү) ‒ кээ бир жаныбарлардын өтө чочуп корккондо дене бөлүгүнүн кесилип үзүлүшү. «Автотомия» терминин бельгиялык физиолог Л. Фредерик киргизген (1883). Автотомия омурткасыз жаныбарларда көп учурайт. Мисалы, актиния тинтүүрү, рак кыпчууру, омурткалуу жаныбарлардан кескелдириктин куйругу кесилип үзүлөт. Бул рефлекстик процесс болгондуктан, ар бир жаныбарда Автотомия органдын белгилүү бир жеринде болот. Мисалы, кескелдириктин Автотомиясын жүлүндө жайгашкан нерв борбору башкарат да, кемирчек пластинкасы жайгашкан омуртканын булчуӊу кескин кыскарганда куйругунун учу үзүлөт. Дененин кесилген жеринен кайра «жаӊысы» өсүп чыгат.