Difference between revisions of "АССЕМБЛЕР ТИЛИ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АССЕМБЛЕР ТИЛИ''' (Assembler -Язык ассемблер). Программалоонун экинчи муундагы тили катары иштелип чыккан. Ассемблер тилиндеги буйруктар символдор жана коддор менен жазылат, ошол себептен аны программалоонун символдук тили деп да атап коюшат. Машине тилиндей, ассемблер тилин үйрөнүү татаал жана машинеге көзкаранды. Бирок машине тилине караганда бир кыйла артыкчылыкка ээ, аларга цифраларды пайдалануу ордуна символдорду колдонуп, буйруктар мнемокод деп аталган символдук код түрүндө жазылат. Мисалы, программа жазылганда кошуу үчүн С, салыштыруу үчүн L, көбөйтүү үчүн М ж.б. символдор пайдаланылат. Ассемблер тилинин башка артыкчылыгы символдук адрестерди пайдалануу менен сакталган орундарга түздөн түз кайрылат. Мисалы, буюмдар баасынын бирдиги үчүн сакталган адресин бүтүн сан түрүндө колдонуунун ордуна программчы анын символдук аталышын колдонот. Ассемблер тилиндеги программанын ыңгайсыздыгы – аны компьютер түздөн түз түшүнбөйт. Ассемблер програмын компьютерде аткартуу үчүн, аны адегенде машине тилине котортуу керек. Ассемблер тилинин кодун камтыган программа баштапкы программа деп аталат. Ассемблер тилинде жазылган баштапкы программаны машине тилиндеги эсептөөчү программага которуучу программа дагы ассемблер деп аталат. Ассемблер тилиндеги бир буйрук демейде машине тилиндеги бир буйрукка которулат. Айрым учурда ассемблер тили бир нече машине буйругун камтыган макро деп аталган буйрукту камтышы мүмкүн. Макро машине тилинин бир нече аракетин камтуу менен програмчынын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. | |||
<br><p>[[File:АССЕМБЛЕР ТИЛИ.jpg | thumb | none]]</p> | |||
<br><p>[[File:АССЕМБЛЕР ТИЛИ.jpg | thumb | none]]</p> | [[Категория:1-Том]] |
10:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АССЕМБЛЕР ТИЛИ (Assembler -Язык ассемблер). Программалоонун экинчи муундагы тили катары иштелип чыккан. Ассемблер тилиндеги буйруктар символдор жана коддор менен жазылат, ошол себептен аны программалоонун символдук тили деп да атап коюшат. Машине тилиндей, ассемблер тилин үйрөнүү татаал жана машинеге көзкаранды. Бирок машине тилине караганда бир кыйла артыкчылыкка ээ, аларга цифраларды пайдалануу ордуна символдорду колдонуп, буйруктар мнемокод деп аталган символдук код түрүндө жазылат. Мисалы, программа жазылганда кошуу үчүн С, салыштыруу үчүн L, көбөйтүү үчүн М ж.б. символдор пайдаланылат. Ассемблер тилинин башка артыкчылыгы символдук адрестерди пайдалануу менен сакталган орундарга түздөн түз кайрылат. Мисалы, буюмдар баасынын бирдиги үчүн сакталган адресин бүтүн сан түрүндө колдонуунун ордуна программчы анын символдук аталышын колдонот. Ассемблер тилиндеги программанын ыңгайсыздыгы – аны компьютер түздөн түз түшүнбөйт. Ассемблер програмын компьютерде аткартуу үчүн, аны адегенде машине тилине котортуу керек. Ассемблер тилинин кодун камтыган программа баштапкы программа деп аталат. Ассемблер тилинде жазылган баштапкы программаны машине тилиндеги эсептөөчү программага которуучу программа дагы ассемблер деп аталат. Ассемблер тилиндеги бир буйрук демейде машине тилиндеги бир буйрукка которулат. Айрым учурда ассемблер тили бир нече машине буйругун камтыган макро деп аталган буйрукту камтышы мүмкүн. Макро машине тилинин бир нече аракетин камтуу менен програмчынын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.