Difference between revisions of "АЛГОРИТМ"
м (1 версия) |
|||
| (8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛГОРИТМ''' (Alogrithmi - Алгоритм). Баштапкы берилиштерден алынуучу жыйынтыкка алып келүүчү эсептөөчү процессти аныктаган так көрсөтмөлөр. Агоритм түшүнүгү компьютер пайда болгонго чейин эле пайда болгон. А. дискреттүү, ачык айкын, көпчүлүктүү жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Д и с к р е т т ү ү касиети алгоритмге коюлган биринчи талап болуп, анда жазылып жаткан процесс өз-өзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. Атап айтканда, алгоритм бир биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр алгоритмдин үзгүлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинки көрсөтмөнүн талабын аткарууга өтөт. А ч ы к-а й к ы н д у у л у к касиет Алгоритмде мазмуну бир маанилүү болбогон көрсөтмөлөр жок болуш керек. А-де берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, аткаруучу буйруктарды аткарууда өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эмес, башкача айтканда алгоритмди аткаруу, ошондой эле, Алгоритмди аткаруу кезегинде кайсы көрсөтмө аткарылышы ачык айкын болууга тийиш. Кө п ч ү л ү к т ү ү касиети түзүлгөн Алгоритм боюнча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Ж ы й ы н т ы к т у у к а с и е т и аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгын алууга тийиш, башкача айтканда Алгоритм коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз түрдө алып келиши керек. | |||
А.С.Өмүралиев.<p>[[File:АЛГОРИТМ.jpg | thumb | none]]</p> | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
10:11, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку версиясы
АЛГОРИТМ (Alogrithmi - Алгоритм). Баштапкы берилиштерден алынуучу жыйынтыкка алып келүүчү эсептөөчү процессти аныктаган так көрсөтмөлөр. Агоритм түшүнүгү компьютер пайда болгонго чейин эле пайда болгон. А. дискреттүү, ачык айкын, көпчүлүктүү жана жыйынтыктуу касиеттерге ээ. Д и с к р е т т ү ү касиети алгоритмге коюлган биринчи талап болуп, анда жазылып жаткан процесс өз-өзүнчө удаалаш аракеттерге (кадамдарга) бөлүнүүгө тийиш экендигин билгизет. Атап айтканда, алгоритм бир биринен ачык бөлүнгөн көрсөтмөлөр удаалаштыгынан турат. Көрсөтмөлөр алгоритмдин үзгүлтүктүү (дискреттүү) структурасын түзөт жана бир көрсөтмөнүн талабы аткарылгандан кийин гана кийинки көрсөтмөнүн талабын аткарууга өтөт. А ч ы к-а й к ы н д у у л у к касиет Алгоритмде мазмуну бир маанилүү болбогон көрсөтмөлөр жок болуш керек. А-де берилген көрсөтмөлөр (буйруктар) так болуп, аткаруучу буйруктарды аткарууда өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болууга тийиш эмес, башкача айтканда алгоритмди аткаруу, ошондой эле, Алгоритмди аткаруу кезегинде кайсы көрсөтмө аткарылышы ачык айкын болууга тийиш. Кө п ч ү л ү к т ү ү касиети түзүлгөн Алгоритм боюнча баштапкы гана маалыматтарды өзгөртүп, көптөгөн маселелерди чыгарууга пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Ж ы й ы н т ы к т у у к а с и е т и аткаруучу чектелген сандагы кадам ичинде коюлган маселенин жыйынтыгын алууга тийиш, башкача айтканда Алгоритм коюлган маселенин жыйынтыгына сөзсүз түрдө алып келиши керек.
А.С.Өмүралиев.