Difference between revisions of "АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ ТЕОРИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ ''автоматтык башкаруу системасын'' изилдөөчү тех. кибернетика илиминин бир бөлүмү. А. б. т-нын негиздерин илим катары англ. математик Дж. К. Максвелл (1831‒79), орус окумуштуусу И. А. Вышнеградский (1832‒95), орус математиги А. А. Ляпунов ж. б-лар түзүшкөн. Ал башкаруу системаларын куруу жоболорун ж-а системадагы процесстердин негизги закондорун изилдейт. Адегенде'' автоматтык жөндөө ''теориясы (АЖТ) катары өнүгүп, тех. механиканын бир бөлүгү болгон. Акыркы жылдарда биол. организмдердеги ж-а экон. системалар дагы башкаруу проблемалары м-н тех. система лардагы башкаруу процесстерин окшоштуруп түшүнүүгө мүмкүндүк болуп, анын максаттары м-н ыкмалары татаалдап, АЖТ ‒ «Автоматтык башкаруу теориясы» деп аталып калды. Техникадагы А. б. т-нын негизги проблемасы ‒ автоматтык башкаруу системасын (АБС) синтездөө ж-а анализдөө. Айтылган проблеманы чечүү АБСтин динамикалык касиеттерин изилдөөнү талап кылат. Бул үчүн динамикалык процесс учурунда системанын абалы дифференциалдык теӊдемелер м-н жазылат. АБСтин динамикалык режимин талдоо, анын ишке жөндөмдүүлүгүн (зарыл шарты ‒ анын туруктуулугу), тактыгын аныктайт. Системанын туруктуулугун изилдөө үчүн атайын критерий иштелип чыккан, параметрлерин, схемасын өзгөртүү м-н анын туруктуулугуна жетишилет. Анда оптималдуу, ылайыктануучу башкаруу системаларын изилдөө, түзүү маселелери өзгөчө орунду ээлейт ж-а эсептөө техникасын колдонбой түзүү өтө татаал иш. ''Ж. И. Батырканов.''
'''АВТОМАТТЫК  БАШКАРУУ  ТЕОРИЯСЫ''' ‒ ''автоматтык башкаруу системасын'' изилдөөчү техникалык  кибернетика илиминин бир бөлүмү. Автоматтык башкаруу  теориясынын негиздерин илим катары англиялык  математик Дж. К. Максвелл (1831‒79), орус окумуштуусу И. А. Вышнеградский (1832‒95), орус математиги А. А. Ляпунов ж. б-лар түзүшкөн. Ал башкаруу системаларын куруу жоболорун жана системадагы процесстердин негизги закондорун изилдейт. Адегенде'' автоматтык жөндөө ''теориясы (АЖТ) катары өнүгүп, техникалык  механиканын бир бөлүгү болгон. Акыркы жылдарда биологиялык  организмдердеги жана экономикалык системалардагы башкаруу проблемалары менен техникалык  системалардагы башкаруу процесстерин окшоштуруп түшүнүүгө мүмкүндүк болуп, анын максаттары менен ыкмалары татаалдап, АЖТ ‒ «Автоматтык башкаруу теориясы» деп аталып калды. Техникадагы автоматтык  башкаруу  теориясынын негизги проблемасы ‒ автоматтык башкаруу системасын (АБС) синтездөө жана анализдөө. Айтылган проблеманы чечүү АБСтин динамикалык касиеттерин изилдөөнү талап кылат. Бул үчүн динамикалык процесс учурунда системанын абалы дифференциалдык теӊдемелер менен жазылат. АБСтин динамикалык режимин талдоо, анын ишке жөндөмдүүлүгүн (зарыл шарты ‒ анын туруктуулугу), тактыгын аныктайт. Системанын туруктуулугун изилдөө үчүн атайын критерий иштелип чыккан, параметрлерин, схемасын өзгөртүү менен анын туруктуулугуна жетишилет. Анда оптималдуу, ылайыктуу башкаруу системаларын изилдөө, түзүү маселелери өзгөчө орунду ээлейт жана эсептөө техникасын колдонбой түзүү өтө татаал иш.

''Ж. И. Батырканов.''
[[Категория:1-Том]]

08:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ ТЕОРИЯСЫавтоматтык башкаруу системасын изилдөөчү техникалык кибернетика илиминин бир бөлүмү. Автоматтык башкаруу теориясынын негиздерин илим катары англиялык математик Дж. К. Максвелл (1831‒79), орус окумуштуусу И. А. Вышнеградский (1832‒95), орус математиги А. А. Ляпунов ж. б-лар түзүшкөн. Ал башкаруу системаларын куруу жоболорун жана системадагы процесстердин негизги закондорун изилдейт. Адегенде автоматтык жөндөө теориясы (АЖТ) катары өнүгүп, техникалык механиканын бир бөлүгү болгон. Акыркы жылдарда биологиялык организмдердеги жана экономикалык системалардагы башкаруу проблемалары менен техникалык системалардагы башкаруу процесстерин окшоштуруп түшүнүүгө мүмкүндүк болуп, анын максаттары менен ыкмалары татаалдап, АЖТ ‒ «Автоматтык башкаруу теориясы» деп аталып калды. Техникадагы автоматтык башкаруу теориясынын негизги проблемасы ‒ автоматтык башкаруу системасын (АБС) синтездөө жана анализдөө. Айтылган проблеманы чечүү АБСтин динамикалык касиеттерин изилдөөнү талап кылат. Бул үчүн динамикалык процесс учурунда системанын абалы дифференциалдык теӊдемелер менен жазылат. АБСтин динамикалык режимин талдоо, анын ишке жөндөмдүүлүгүн (зарыл шарты ‒ анын туруктуулугу), тактыгын аныктайт. Системанын туруктуулугун изилдөө үчүн атайын критерий иштелип чыккан, параметрлерин, схемасын өзгөртүү менен анын туруктуулугуна жетишилет. Анда оптималдуу, ылайыктуу башкаруу системаларын изилдөө, түзүү маселелери өзгөчө орунду ээлейт жана эсептөө техникасын колдонбой түзүү өтө татаал иш.

Ж. И. Батырканов.