Difference between revisions of "АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги 1‒5-к-га таандык эстелик. 1966‒67-ж. Кыргыз ССР ИАнын археол. экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалар дын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен ''Ы. Кожомбердиев'' изилдеген.<br>
'''АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ‒''' Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги I‒V кылымдарга таандык эстелик. 1966‒1967-жылдары  Кыргыз ССР Илимдер академиясынын археологиялык  экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалардын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен ''Ы. Кожомбердиев'' изилдеген.<br>
 
[[Категория:1-Том]]

11:11, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы

АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ‒ Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги I‒V кылымдарга таандык эстелик. 1966‒1967-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын археологиялык экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалардын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.