Difference between revisions of "АЛИ МУХАММЕД"
228-323>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
, өзүнүн чыныгы аты-жөнү К а с с и у с К л е й (17.1.1942- | '''АЛИ МУХАММЕД''', өзүнүн чыныгы аты-жөнү К а с с и у с К л е й (17.1.1942-жылы туулган, Кентукки штаты, Луисвилл) ‒ америкалык спортчу, дүйнөлүк спорттун тарыхындагы эӊ мыкты боксчу, жарым оор салмактагы олимпиялык чемпион (1960). 1959-жылы «Алтын мээлей» мелдешин утуп, АКШ спорт союзунун бокс сүйүүчүлөрүнүн чемпиону, 1960-жылдан профессионалдык бокска өтүп, 1964-жылы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. «Кара мусульмандар» уюмуна кирип, аты-жөнүн өзгөрткөн. Армияга жана Вьетнам согушуна барбагандыгы үчүн чемпиондуктан ажырап, 5 жылга камакка алынып жана 10 миӊ доллар айып тарткан. 1971-жылы рингге кайтып келип, Д. Фрезер менен мелдеште упай боюнча утулуп калган. 1974-жылы Фрезерди жана Дж. Форманды жеӊип, кайрадан чемпион болгон. Профессионалдык бокста (1961‒81) 61 жолу мушташып, 56 жеӊишке ээ, 5 жеӊилүүгө дуушар болгон. «Величайший. История моей жизни» китебинин автору (1975). «Величайший» фильмине тартылган (1977).

айып тарткан. 1971- | [[Категория:1-Том]] | ||
09:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛИ МУХАММЕД, өзүнүн чыныгы аты-жөнү К а с с и у с К л е й (17.1.1942-жылы туулган, Кентукки штаты, Луисвилл) ‒ америкалык спортчу, дүйнөлүк спорттун тарыхындагы эӊ мыкты боксчу, жарым оор салмактагы олимпиялык чемпион (1960). 1959-жылы «Алтын мээлей» мелдешин утуп, АКШ спорт союзунун бокс сүйүүчүлөрүнүн чемпиону, 1960-жылдан профессионалдык бокска өтүп, 1964-жылы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. «Кара мусульмандар» уюмуна кирип, аты-жөнүн өзгөрткөн. Армияга жана Вьетнам согушуна барбагандыгы үчүн чемпиондуктан ажырап, 5 жылга камакка алынып жана 10 миӊ доллар айып тарткан. 1971-жылы рингге кайтып келип, Д. Фрезер менен мелдеште упай боюнча утулуп калган. 1974-жылы Фрезерди жана Дж. Форманды жеӊип, кайрадан чемпион болгон. Профессионалдык бокста (1961‒81) 61 жолу мушташып, 56 жеӊишке ээ, 5 жеӊилүүгө дуушар болгон. «Величайший. История моей жизни» китебинин автору (1975). «Величайший» фильмине тартылган (1977).