Difference between revisions of "АЛАМҮДҮН РАЙОНУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ Чүй обл-нда 1940-ж. февралда уюшулуп, 1961-ж. Кант р-нуна кошулган, 1974-ж. кайра өзүнчө район болгон. Район Чүй өрөөнүнүн ортонку бөлүгүнөн, Бишкек ш-нын чет жакасынан орун алып, түндүгүнөн Казакстан Респ-сы, түштүгүнөн Жайыл (Суусамыр аркылуу), чыгышынан Чүй, батышынан Сокулук р-ндору м-н чектешет. Аянты 1,4 миӊ ''км''2. Калкы 148,0 миӊ (2009). Райондо 17 айыл аймагы, 49 кыштак бар. Борбору ‒ Лебединовка кыш.

'''АЛАМҮДҮН РАЙОНУ''' ‒ Чүй облусунда 1940-жылы  февралда уюшулуп, 1961-жылы  Кант районуна кошулган, 1974-жылы  кайра өзүнчө район болгон. Район Чүй өрөөнүнүн ортонку бөлүгүнөн, Бишкек шаарынын чет жакасынан орун алып, түндүгүнөн Казакстан Республикасы, түштүгүнөн Жайыл (Суусамыр аркылуу), чыгышынан Чүй, батышынан Сокулук райондору менен чектешет. Аянты 1,4 миӊ ''км''2. Калкы 194381 (2022). Райондо 17 айыл аймагы, 49 кыштак бар. Борбору ‒ Лебединовка кыштагы.
Жеринин көбү түзөӊ, Чүй жана Байтик өрөөндөрүндө жайгашкан. Түштүк тарабында ''Кыргыз Ала-Тоосу'' (эӊ бийик чокусу ''Аламүдүн'' 4875 ''м'') созулуп жатат. Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 700‒4500 ''м ''бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосундагы ''Ала-Арч''а жана ''Аламүдүн'' капчыгайлары орун алган. Район түндүктөн түштүккө карай 79 ''км'', батыштан чыгышка 18 ''км''ге созулат. Райондун чегинде минералдуу жылуу суу жана курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, жайы ысык, июлдун орточо температурасы 22‒25°С, кышы мелүүн, январдыкы ‒5…‒15°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 300‒400 ''мм'' (анын 40%и жаз мезгилине туура келет). Тоолору мөӊгүлүү, ирилери: ''Адыгине, Кургак-Төр'', Салык ж. б. Суулары Чүй дарыясынын алабына кирет; райондун аймагынан ''Аламүдүн'' (ири куймасы ''Чуӊкурчак), Ала-Арч''а суулары агып өтөт. Мындан башка 33 майда суусу, 12 майда көлү бар. Аламүдүн суусунда 1, Ала-Арча суусунда 2 суу сактагыч курулган. Кыртышы негизинен боз, кара күрөӊ ж-а кара топурактуу. Райондун түзөӊ бөлүгү дээрлик айдоо аянтына айландырылган. Тоолуу бөлүгүнө
Жеринин көбү түзөӊ, Чүй ж-а Байтик өрөөндөрүндө жайгашкан. Түш. тарабында ''Кыргыз Ала-Тоосу'' (эӊ бийик чокусу ''Аламүдүн'' 4875 ''м'') созулуп жатат. Райондун аймагы деӊиз деӊг. 700‒4500 ''м ''бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосундагы ''Ала-Арч''а ж-а ''Аламүдүн'' капчыгай лары орун алган. Район түндүктөн түштүккө карай 79 ''км'', батыштан чыгышка 18 ''км''ге созулат. Райондун чегинде минералдуу жылуу суу ж-а курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 22‒25°С, кышы мелүүн, январдыкы ‒5…‒15°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 300‒400 ''мм'' (анын 40%и жаз мезгилине туура келет). Тоолору мөӊгүлүү, ирилери: ''Адыгине , Кургак-Төр'' , Салык ж. б. Суулары Чүй д-нын алабына кирет; райондун аймагынан ''Аламүдүн'' (ири куймасы ''Чуӊкурчак ), Ала-Арч''а суулары агып өтөт. Мындан башка 33 майда суусу, 12 майда көлү бар. Аламүдүн суусунда 1, Ала-Арча суусунда 2 суу сактагыч курулган. Кыртышы негизинен боз, кара күрөӊ ж-а кара топурактуу. Райондун түзөӊ бөлүгү дээрлик айдоо аянтына айландырылган. Тоолуу бөлү
[[File:АЛАМүДүН РАЙОНУ27.png | thumb|none]]
[[File:АЛАМүДүН РАЙОНУ27.png | thumb | none]]
ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, тоолуу талаа жана тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Ала-Арчанын алабында карагай, арча токою бар. Анда (Бишкектен 30 ''км'' аралыкта) ''Ала-Арча улуттук табият паркы'' уюшулган.
Райондо кыргыз, орус, уйгур, украин, казак, татар, корей ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 88 киши.
Башка райондорго салыштырганда өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн маанилүү райондордун бири. Эл чарбасында айыл чарбасынын үлүшү жогору. Мында дыйканчылык менен мал чарбасынын республикадагы бардык тармактары өнүккөн. Дыйканчылыктын башкы тармактары: дан чарбасы, техникалык өсүмдүктөр, жашылча, багбанчылык жана жүзүм өстүрүү. Сугатка жараксыз тоо этектери менен каптал жерлерде мөмө-жемиш бактары, жүзүм өстүрүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу 81,4 (2004) миӊ ''га'' жердин 36,9 миӊ ''га''сы айдоо, 1,4 миӊ ''га''сы бак-дарактар, 2,1 миӊ ''га''сы чабынды, 40,9 миӊ ''га''сы жайыт. Райондо уй, кой-эчки, чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондо 21 өнөр жай ишканасы (Аламүдүн тери фабрикасы), монтаждык жасалгалар заводу, эксперименттик ремонт-механикалык заводу, «Эдельвейс» акционердик коому, Аламүдүн тажрыйба-ремонт механикалык заводу, «Сууавтоматика» ж. б. бар. Аламүдүн ГЭСинин каскады (жалпы кубаттуулугу 29,8 миӊ ''кВт.с'') иштейт. Райондо калкты турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү беш комплекстүү кабыл алуу пункту, 10 устакана ж.б. тейлөөчү ишканалар (244 түрү) бар.
Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар ‒ Бишкек ‒ Балыкчы темир жана автомобиль жолдору, Ташкент (Өзбекстан) ‒ Бишкек ‒ Алматы (Казакстан) автомобиль жолдору өтөт.
гүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, тоолуу талаа ж-а тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Ала-Арчанын алабында карагай, арча токою бар. Анда (Бишкектен 30''км'' аралыкта) ''Ала-Арча улуттук табият паркы'' уюшулган.

Райондогу 122,7 миӊ адамдын (2003) 49,9%ин эркек, 50,1%ин аялдар түзөт. Кыргыз, орус, уйгур, украин, казак, татар, корей ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 ''км''2 жерге 88 киши. Жалпы калктын 28,9%и эмгек жашына чейинкилер, 12,7%и эмгек жашынан өткөндөр, калган 58,7%ин эмгек жашындагылар түзөт.

Башка райондорго салыштырганда өнөр жайы, а. ч-сы өнүккөн маанилүү райондордун бири. Эл чарбасында а. ч-нын үлүшү жогору. Мында дыйканчылык м-н мал чарбасынын респ-дагы бардык тармактары өнүккөн. Дыйканчы лыктын башкы тармактары: дан чарбасы, тех. өсүмдүктөр, жашылча, багбанчылык ж-а жүзүм өстүрүү. Сугатка жараксыз тоо этектери м-н каптал жерлерде мөмө-жемиш бактары, жүзүм өстүрүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу 81,4 (2004) миӊ ''га'' жердин 36,9 миӊ ''га''сы айдоо, 1,4 миӊ ''га''сы бак-дарактар, 2,1 миӊ ''га''сы чабынды, 40,9 миӊ ''га''сы жайыт. 2003-ж. 24,5 миӊ уй (сааны 12,2 миӊ), 25,1 миӊ кой-эчки, 6,4 миӊ чочко, 3,4 миӊ жылкы, 181,3 миӊ үйкушу ж. б. болгон. Жылына 9,1 миӊ ''т ''эт (2003), 43,6 миӊ ''т'' сүт, 22,8 млн даана жумуртка, 77 ''т'' жүн даярдалып, 50,7 миӊ ''т'' дан, 15,1 миӊ ''т'' картөшкө, 59,2 миӊ ''т'' жашылча, 31,3 миӊ ''т'' кант кызылчасы жыйналган. 2003-ж. райондун чегинде 21 өнөр жай ишканасы (Аламүдүн тери ф-касы), монтаждык жасалгалар з-ду, эксперименттик ремонтмех. з-ду, «Эдельвейс» акционердик коому, Аламүдүн тажрыйба-ремонт мех. з-ду, «Сууавто матика» ж. б. бар. Аламүдүн ГЭСинин каскады (жалпы кубаттуулугу 29,8 миӊ ''кВт.с'') иштейт. Райондун өнөр жай ишканаларында 2003-ж. 1033,3 млн сомдук өндүрүм чыгарылган. Райондо калкты турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү беш комплекстүү кабыл алуу пункту, 10 устакана ж. б. тейлөөчү ишканалар (244 түрү) бар. Аларда калкка көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн көлөмү 162,6 миӊ сомду (2003) түзгөн.

Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар ‒ Бишкек ‒ Балыкчы темир ж-а автомобиль жолдору, Ташкент (Өзбекстан) ‒ Бишкек ‒ Алматы (Казакстан) автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2002-ж. автомобиль м-н 1,0 млн ''т'' жүк, 117,5млн жүргүнчү ташылган.

Райондо 39 орто, 1 сегиз жылдык, 1 жатак мектеп, 42 бала бакча, 41 китепкана иштейт. Райондун чегинде ден соолукту калыбына келтирүүчү респ. оорукана ж-а санаторийлер (Таш-Дөбө айыл аймагында), Чүй обл. борб. оорукана (Лебединовка кыш-нда), 5 айылдык оорукана, 7 айылдык бейтапкана, 27 ФАП, Аламүдүн минералдуу жылуу суусунда ден соолукту чыӊдоочу эс алуу комплекси, Чоӊ-Таш кышкы
спорт базасы, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу кооз жерлери (Ала-Арча, Аламүдүн, Чуӊкурчак капчыгайлары, Көгүчкөн-Су гат шаркыратмасы ж. б.) бар. «Аламүдүн кабарлары» гезити кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгат.

'' А. Актанова, А. Мырзаев.''

Райондо 39 орто, 1 сегиз жылдык, 1 жатак мектеп, 42 бала бакча, 41 китепкана иштейт. Райондун чегинде ден соолукту калыбына келтирүүчү республикалык оорукана жана санаторийлер (Таш-Дөбө айыл аймагында), Чүй облустук борбордук оорукана (Лебединовка кыштагында), 5 айылдык оорукана, 7 айылдык бейтапкана, 27 ФАП, Аламүдүн минералдуу жылуу суусунда ден соолукту чыӊдоочу эс алуу комплекси, Чоӊ-Таш кышкы спорт базасы, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу кооз жерлери (Ала-Арча, Аламүдүн, Чуӊкурчак капчыгайлары, Көгүчкөн-Сугат шаркыратмасы ж.б.) бар. «Аламүдүн кабарлары» гезити кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.
''А. Актанова, А. Мырзаев.''

[[Категория:1-Том]]

09:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛАМҮДҮН РАЙОНУ ‒ Чүй облусунда 1940-жылы февралда уюшулуп, 1961-жылы Кант районуна кошулган, 1974-жылы кайра өзүнчө район болгон. Район Чүй өрөөнүнүн ортонку бөлүгүнөн, Бишкек шаарынын чет жакасынан орун алып, түндүгүнөн Казакстан Республикасы, түштүгүнөн Жайыл (Суусамыр аркылуу), чыгышынан Чүй, батышынан Сокулук райондору менен чектешет. Аянты 1,4 миӊ км2. Калкы 194381 (2022). Райондо 17 айыл аймагы, 49 кыштак бар. Борбору ‒ Лебединовка кыштагы.
Жеринин көбү түзөӊ, Чүй жана Байтик өрөөндөрүндө жайгашкан. Түштүк тарабында Кыргыз Ала-Тоосу (эӊ бийик чокусу Аламүдүн 4875 м) созулуп жатат. Райондун аймагы деӊиз деӊгээлинен 700‒4500 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосундагы Ала-Арча жана Аламүдүн капчыгайлары орун алган. Район түндүктөн түштүккө карай 79 км, батыштан чыгышка 18 кмге созулат. Райондун чегинде минералдуу жылуу суу жана курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, жайы ысык, июлдун орточо температурасы 22‒25°С, кышы мелүүн, январдыкы ‒5…‒15°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 300‒400 мм (анын 40%и жаз мезгилине туура келет). Тоолору мөӊгүлүү, ирилери: Адыгине, Кургак-Төр, Салык ж. б. Суулары Чүй дарыясынын алабына кирет; райондун аймагынан Аламүдүн (ири куймасы Чуӊкурчак), Ала-Арча суулары агып өтөт. Мындан башка 33 майда суусу, 12 майда көлү бар. Аламүдүн суусунда 1, Ала-Арча суусунда 2 суу сактагыч курулган. Кыртышы негизинен боз, кара күрөӊ ж-а кара топурактуу. Райондун түзөӊ бөлүгү дээрлик айдоо аянтына айландырылган. Тоолуу бөлүгүнө

АЛАМүДүН РАЙОНУ27.png

ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, тоолуу талаа жана тоолуу шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Ала-Арчанын алабында карагай, арча токою бар. Анда (Бишкектен 30 км аралыкта) Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.
Райондо кыргыз, орус, уйгур, украин, казак, татар, корей ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши.
Башка райондорго салыштырганда өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн маанилүү райондордун бири. Эл чарбасында айыл чарбасынын үлүшү жогору. Мында дыйканчылык менен мал чарбасынын республикадагы бардык тармактары өнүккөн. Дыйканчылыктын башкы тармактары: дан чарбасы, техникалык өсүмдүктөр, жашылча, багбанчылык жана жүзүм өстүрүү. Сугатка жараксыз тоо этектери менен каптал жерлерде мөмө-жемиш бактары, жүзүм өстүрүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу 81,4 (2004) миӊ га жердин 36,9 миӊ гасы айдоо, 1,4 миӊ гасы бак-дарактар, 2,1 миӊ гасы чабынды, 40,9 миӊ гасы жайыт. Райондо уй, кой-эчки, чочко, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Райондо 21 өнөр жай ишканасы (Аламүдүн тери фабрикасы), монтаждык жасалгалар заводу, эксперименттик ремонт-механикалык заводу, «Эдельвейс» акционердик коому, Аламүдүн тажрыйба-ремонт механикалык заводу, «Сууавтоматика» ж. б. бар. Аламүдүн ГЭСинин каскады (жалпы кубаттуулугу 29,8 миӊ кВт.с) иштейт. Райондо калкты турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүчү беш комплекстүү кабыл алуу пункту, 10 устакана ж.б. тейлөөчү ишканалар (244 түрү) бар.
Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар ‒ Бишкек ‒ Балыкчы темир жана автомобиль жолдору, Ташкент (Өзбекстан) ‒ Бишкек ‒ Алматы (Казакстан) автомобиль жолдору өтөт.

Райондо 39 орто, 1 сегиз жылдык, 1 жатак мектеп, 42 бала бакча, 41 китепкана иштейт. Райондун чегинде ден соолукту калыбына келтирүүчү республикалык оорукана жана санаторийлер (Таш-Дөбө айыл аймагында), Чүй облустук борбордук оорукана (Лебединовка кыштагында), 5 айылдык оорукана, 7 айылдык бейтапкана, 27 ФАП, Аламүдүн минералдуу жылуу суусунда ден соолукту чыӊдоочу эс алуу комплекси, Чоӊ-Таш кышкы спорт базасы, туризмди, альпинизмди өнүктүрүүгө ылайыктуу кооз жерлери (Ала-Арча, Аламүдүн, Чуӊкурчак капчыгайлары, Көгүчкөн-Сугат шаркыратмасы ж.б.) бар. «Аламүдүн кабарлары» гезити кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.
А. Актанова, А. Мырзаев.