Difference between revisions of "АЖЫБЕКОВА Гүлсара"
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫБЕКОВА''' Гүлсара (27. 3. | '''АЖЫБЕКОВА''' '''Гүлсара''' (27. 3. 1950‑жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1972‑жылы Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002–2004‑жылдары Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Г. Ажыбекова театрда жана кинодо бүткүл инсандык, актёрдук чеберчилиги менен каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Театрда аткарган негизги ролдору: Елизавета (У.Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») жана башкалар. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (режиссёру Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (режиссёру К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (режиссёру Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (режиссёру К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (режиссёру Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу»). Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (режиссёру Р. Ибрагимбеков) тергөөчү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑жылы «Бир актёрдун театры» менен Россия жана Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Бир нече медалдар менен сыйланган.
''Т. Сатаров.''
[[File:АЖЫБЕКОВА8.png | thumb|none]] | ||
Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») | |||
[[File:АЖЫБЕКОВА9.png | thumb|«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.]] | [[File:АЖЫБЕКОВА9.png | thumb|«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.]] | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЖЫБЕКОВА Гүлсара (27. 3. 1950‑жыл, Нарын облусу, Нарын шаары) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1972‑жылы Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002–2004‑жылдары Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Г. Ажыбекова театрда жана кинодо бүткүл инсандык, актёрдук чеберчилиги менен каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Театрда аткарган негизги ролдору: Елизавета (У.Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») жана башкалар. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (режиссёру Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (режиссёру К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (режиссёру Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (режиссёру К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (режиссёру Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу»). Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (режиссёру Р. Ибрагимбеков) тергөөчү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑жылы «Бир актёрдун театры» менен Россия жана Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Бир нече медалдар менен сыйланган.
Т. Сатаров.