Difference between revisions of "АБЫЛОВ Күмөндөр Мукулович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up)
 
(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБЫЛОВ''' Күмөндөр Мукулович (30. 8. 1958-ж. т., Нарын обл., Нарын р-ну, Учкун айылы) –  театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын. КРнын эмгек сиңирген артисти (1993), КРнын Эл артисти (2017). Ал Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн, Ташкенттеги  А. Н. Островский атындагы Театр институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн бүтүргөн (1989). Эмгек жолун Тянь-Шань райондук маданият үйүнөн баштаган (1978–79), Нарын областтык М. Рыскулов атындагы  музыкалык драма театрынын аккордеонисти жана артисти  болуп иштеген (1979–90), кийин «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдук жана концерттик топ түзүп, аны элге тартуулаган. 2000-жылдан баштап Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр катары эмгектенүүдө. 1982-жылы Т. Абдумомуновдун "Борбаш" комедиясы боюнча коюлган "Борбаштын досу Камгакпай" спекталинде уй фермери  Мамырдын ролун аткарып, театр чөйрөсүндө артист гана эмес, куудул катары да тааныла баштаган. В. Шекспирдин «Король Лир» спектаклинде Освальддын, М. Байжиевдин «Антоний менен Клеопатрада» - дарыгердин, А. Шницлердин «Сүйүү айлантмасында» министрдин, Ж. Садыковдун «Ормон хан» - Тынаалы тыңчынын, С. Ахмаддын «Күйөө бала» - күйөө жолдош Жоробайдын, ошондой эле киноактёр катары да «Ак илбирстин тукуму» фильминдеги Эр сайышка түшкөн жигиттин, «Жаралуу үчүн курман болуудагы» Бекнияздын жигитинин, «Кербез» фильминдеги Арзыматтын, «Айыл Өкмөтүндөгү» Айыл Өкмөтүнүн, «Юридикалык консультациядагы» Айыл Өкмөтүнүн, «Белгисиз маршруттагы» милиционердин ж. б. у с. образдарды жараткан. Мындан сырткары К. Абылов 40тан ашык интермедия-монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору. Ошол эле учурда К. Абылов обончу, акын катары «Сапарлашыма», «Энекеме», «Алтын апакеме», «Туулган жерим», «Атакем», «Балажаным», «Жайлоо таңы» ж. б. у. с. 50гө жакын ырлардын, обондордун автору.
'''АБЫЛОВ''' Күмөндөр Мукулович (30. 8. 1958-жыл, Нарын облусу, Нарын району, Учкун айылы) –  театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
[[Файл:Абылов Күмөндөр.jpg|left|thumb]]
Ал Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүн, Ташкент шаарындагы А. Н. Островский атындагы театр институтунун театр жана кино актёру бөлүмүн бүтүргөн (1989). Эмгек жолун Тянь-Шань райондук маданият үйүнөн баштаган (1978–1979), Нарын облустук М. Рыскулов атындагы  музыкалык драма театрынын аккордеонисти жана артисти  болуп эмгектенген (1979–1990), кийин «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдук жана концерттик топ түзүп, аны элге тартуулаган. 2000-жылдан баштап Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр катары эмгектенүүдө. 1982-жылы Т. Абдумомуновдун "Борбаш" комедиясы боюнча коюлган "Борбаштын досу Камгакпай" спекталинде уй фермери  Мамырдын ролун аткарып, театр чөйрөсүндө артист гана эмес, куудул катары да тааныла баштаган. В. Шекспирдин «Король Лир» спектаклинде Освальддын, М. Байжиевдин «Антоний менен Клеопатра» спектаклинде дарыгердин, А. Шницлердин «Сүйүү айлантмасы» -  министрдин, Ж. Садыковдун «Ормон хан» - Тынаалы тыңчынын, С. Ахмаддын «Күйөө бала» - күйөө жолдош Жоробайдын, ошондой эле киноактёр катары да «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Эр сайышка түшкөн жигиттин, «Жаралуу үчүн курман болуудагы» Бекнияздын жигитинин, «Кербез» тасмасындагы Арзыматтын, «Айыл Өкмөтү», «Юридикалык консультация» тасмаларындагы Айыл Өкмөт башчысынын, «Белгисиз маршруттагы» милиционердин жана башка ушул сыяктуу образдарды жараткан. Мындан сырткары К. Абылов 40тан ашык интермедия-монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору. Ошол эле учурда акын катары «Сапарлашыма», «Энекеме», «Алтын апакеме», «Туулган жерим», «Атакем», «Балажаным», «Жайлоо таңы» жана башка 50гө жакын ырлардын, обондордун автору.
 
М. Молдалиева.
[[Категория:1-Том]]

16:41, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБЫЛОВ Күмөндөр Мукулович (30. 8. 1958-жыл, Нарын облусу, Нарын району, Учкун айылы) –  театр жана кино артисти, куудул, обончу, акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2017), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).

Абылов Күмөндөр.jpg