Difference between revisions of "АБА (зат)"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kadyrm moved page АБА 1 to АБА (зат) without leaving a redirect)
м (→‎top: clean up)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АБА''' – Жер атм-сын түзүүчү, негизинен азот (78,08%) менен кычкылтектен (20,95%) турган газдардын аралашмасы. Анын калган курамын инерттүү газдар (аргон, гелий, криптон, ксенон ж. б.- 0,94%), суутек, озон, азот (IV) ж-a көмүртек (II, IV) оксиддери, аммиак, метан, күкүрттүү газдар ж. б. түзөт. А-нын орточо мол. массасы 28,966; тыгыздыгы 1,2928 ''г/л'', сууда эригичтиги 29,18 ''см/л''; суудан 400 эсе жеңил. А-да азоттун, кычкылтектин ж-a инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Анын курамындагы суу буусу жыл мезгилине, климатка ж-a аба ырайына жараша 0,1%тен 2,8%ке чейин өзгөрүлөт. Кычкылтектин туруктуу болушун жер бетиндеги өсүмдүктөр камсыз кылат (к. ''Фотосинтез''). Көмүр, азот оксиддеринин, күкүрттүү газдардын концент-сы шартка жараша өзгөрүлөт. Өнөр жай ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. Металлургия, химия өнөр жайы, автотранспорту, адамдын чарба тиричилиги көмүртектин оксиддери сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келип, А-ны булгайт. Атом ж-a термоядро куралдарын сынап жардырууда радиоактивдүү газдар бөлүнүп, жер бетинин 8–12 ''м'' бийиктигинде радиоактивдүү катмарды түзөт. А-нын булганышы адамдын, айбандардын ж-a өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, түрдүү ооруга чалдыктырат. А-нын басымы 0°Сде 760 ''сым. мам. мм'' барабар. Суюлтулган А.– көгүш түстөгү суюктук; тыгыздыгы 0,96 ''г/см'' (-192°С). Нормалдуу басымда – 190°Сде бууланат. Аны Дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда азот менен аргон тез буулангандыктан, суюк А-нын курамы туруктуу болбойт. Суюлтулган А-ны фракциялык буулантуу жолу менен таза азот, кычкылтек, аргон ж. б. газдар алынат. А-нын курамында кычкылтек болгондуктан ар түрдүү процесстерде (отунду күйгүзүү, рудадан металлды эритүү, хим. заттарды өндүрүштө алуу) хим. агент катары колдонулат. Ал өнөр жайда кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги булагы. Адамдын жашоосу үчүн А-нын проценттик курамы, темп-расы, нымдуулугу жана кыймылы чоң мааниге ээ. А.- жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсү. ''Ад''.: ''Соколов В. А.'' Газы земли. М., 1966; ''Боттан Л. Дж.'' Загрязненное небо. Пер. с англ. М., 1967.

'''АБА''' – Жер атмосферасын түзүүчү, негизинен азот (78,08%) менен кычкылтектен (20,95%) турган газдардын аралашмасы. Анын калган курамын инерттүү газдар (аргон, гелий, криптон, ксенон - 0,94%), суутек, озон, азот (IV) ж-a көмүртек (II, IV) оксиддери, аммиак, метан, күкүрттүү газдар жана башкалар  түзөт. Абанын орточо молекулалык  массасы 28,966; тыгыздыгы 1,2928 ''г/л'', сууда эригичтиги 29,18 ''см/л''; суудан 400 эсе жеңил. Абада азоттун, кычкылтектин жанa инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Анын курамындагы суу буусу жыл мезгилине, климатка жанa аба ырайына жараша 0,1%тен 2,8%ке чейин өзгөрүлөт. Кычкылтектин туруктуу болушун жер бетиндеги өсүмдүктөр камсыз кылат. Көмүр, азот оксиддеринин, күкүрттүү газдардын концентрациясы шартка жараша өзгөрүлөт. Өнөр жай ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. Металлургия, химия өнөр жайы, автотранспорту, адамдын чарба тиричилиги көмүртектин оксиддери сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келип, Абаны булгайт. Атом жанa термоядро куралдарын сынап жардырууда радиоактивдүү газдар бөлүнүп, жер бетинин 8–12 ''м'' бийиктигинде радиоактивдүү катмарды түзөт. Абанын булганышы адамдын, айбандардын жанa өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, түрдүү ооруга чалдыктырат. Абанын басымы 0°Сде 760 ''сым. мам. мм'' барабар. Суюлтулган аба – көгүш түстөгү суюктук; тыгыздыгы 0,96 ''г/см'' (-192°С). Нормалдуу басымда – 190°Сде бууланат. Аны Дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда азот менен аргон тез буулангандыктан, суюк Абанын курамы туруктуу болбойт. Суюлтулган Абаны фракциялык буулантуу жолу менен таза азот, кычкылтек, аргон жана башка газдар алынат. Абанын курамында кычкылтек болгондуктан ар түрдүү процесстерде (отунду күйгүзүү, рудадан металлды эритүү, хим. заттарды өндүрүштө алуу) химиялык агент катары колдонулат. Ал өнөр жайда кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги булагы. Адамдын жашоосу үчүн абанын проценттик курамы, температурасы, нымдуулугу жана кыймылы чоң мааниге ээ. Аба- жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсү.

''Ад''.: ''Соколов В. А.'' Газы земли. М., 1966; ''Боттан Л. Дж.'' Загрязненное небо. Пер. с англ. М., 1967.

''Б. Бегалиева''
''Б. Бегалиева''
[[Категория:1-Том]]

16:23, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБА – Жер атмосферасын түзүүчү, негизинен азот (78,08%) менен кычкылтектен (20,95%) турган газдардын аралашмасы. Анын калган курамын инерттүү газдар (аргон, гелий, криптон, ксенон - 0,94%), суутек, озон, азот (IV) ж-a көмүртек (II, IV) оксиддери, аммиак, метан, күкүрттүү газдар жана башкалар түзөт. Абанын орточо молекулалык массасы 28,966; тыгыздыгы 1,2928 г/л, сууда эригичтиги 29,18 см/л; суудан 400 эсе жеңил. Абада азоттун, кычкылтектин жанa инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Анын курамындагы суу буусу жыл мезгилине, климатка жанa аба ырайына жараша 0,1%тен 2,8%ке чейин өзгөрүлөт. Кычкылтектин туруктуу болушун жер бетиндеги өсүмдүктөр камсыз кылат. Көмүр, азот оксиддеринин, күкүрттүү газдардын концентрациясы шартка жараша өзгөрүлөт. Өнөр жай ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. Металлургия, химия өнөр жайы, автотранспорту, адамдын чарба тиричилиги көмүртектин оксиддери сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келип, Абаны булгайт. Атом жанa термоядро куралдарын сынап жардырууда радиоактивдүү газдар бөлүнүп, жер бетинин 8–12 м бийиктигинде радиоактивдүү катмарды түзөт. Абанын булганышы адамдын, айбандардын жанa өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, түрдүү ооруга чалдыктырат. Абанын басымы 0°Сде 760 сым. мам. мм барабар. Суюлтулган аба – көгүш түстөгү суюктук; тыгыздыгы 0,96 г/см (-192°С). Нормалдуу басымда – 190°Сде бууланат. Аны Дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда азот менен аргон тез буулангандыктан, суюк Абанын курамы туруктуу болбойт. Суюлтулган Абаны фракциялык буулантуу жолу менен таза азот, кычкылтек, аргон жана башка газдар алынат. Абанын курамында кычкылтек болгондуктан ар түрдүү процесстерде (отунду күйгүзүү, рудадан металлды эритүү, хим. заттарды өндүрүштө алуу) химиялык агент катары колдонулат. Ал өнөр жайда кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги булагы. Адамдын жашоосу үчүн абанын проценттик курамы, температурасы, нымдуулугу жана кыймылы чоң мааниге ээ. Аба- жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн жашоо чөйрөсү.

Ад.: Соколов В. А. Газы земли. М., 1966; Боттан Л. Дж. Загрязненное небо. Пер. с англ. М., 1967.

Б. Бегалиева